Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.
Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү жана курулуш тармактарында катталган.
Ошондой эле айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо, суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана кайра иштетүү, экинчи сырьё алуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармактарында да айлык акылар кыйла өскөн.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда бюджеттик чөйрөнүн 46 миңден ашык кызматкеринин айлык акысы жогорулатылган.
2026-жылдын январь–июль айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 54 864 сомду түзгөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.