Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бул үчүн 17 ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты, президенттин жарлыгынын 8 долбоору жана министрлер кабинетинин токтомунун 7 долбоору. Бүнүнкү күндө бардык документтер кабыл алынды.
Эмгек акынын жогорулатылышы төмөнкү категориядагы кызматкерлерге жайылтылат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;
- мамлекеттик сектордун техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы;
- күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик органдарынын эркин жалданган жарандык персоналы.
Эмне өзгөрдү
Мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилгени көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянага карата үстөк акынын өлчөмү 50 пайызга чейин жогорулатылат. Буга чейин тиешелүү үстөк акылардын өлчөмү 25 жана 10 пайызга чейин түзгөн.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги персоналы үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет.
Министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппараттарынын мамлекеттик кызматчылары үчүн эмгек акыны жогорулатуу кызматтык маяналарды аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттерин жогорулатуу жолу менен камсыз кылынат.
Мамлекеттик аппараттын кенже тейлөөчү персоналы үчүн эселөө коэффициенттерди жогорулатуу, ал эми техникалык персонал үчүн 50 пайызга чейин кошумча үстөк акы белгилөө каралган.
Айлыктар канчага жогорулайт
Жалпысынан мамлекеттик аппарат боюнча орточо эмгек акы болжол менен 35,4 миң сомдон 51 миң сомго чейин жогорулайт.
Орточо эмгек акы:
- мамлекеттик кызматчылардыкы - 41%га;
- муниципалдык кызматчылардыы - 47%га;
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердики - 45%га;
- контракт боюнча иштеген кызматкерлердики - 21%га;
- техникалык персоналдыкы - 58%га;
- кенже тейлөөчү персоналдыкы - 75%га.
Колдонулуп жаткан ыкма эмгек акысы төмөн болгон категориялар боюнча жогорулатууну карайт.
Мисалы, кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлери үчүн 5 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм жана кызматтык маянаны 50 пайызга чейин жогорулатуу каралган. Ал эми техникалык персоналдын тиешелүү категориялары үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөн тышкары, иштин татаалдыгына жана натыйжаларына жараша кызматтык маянанын 50 пайызына чейин үстөк акы белгиленет.
Натыйжада, техникалык тейлөөчү персоналдын айрым категорияларынын кызмат ордуна жана иштеген жерине жараша жогорулатуудан кийинки эсептик орточо айлык эмгек акысы болжол менен 29 миң сомдон 57 миң сомго чейин түзөт.
Бул бюджетке канчага турат
Эмгек акынын жогорулатылышына 2026-жылы республикалык бюджеттен болжол менен 3,6 млрд сом өлчөмүндө кошумча каржылоо каралган, ал эми каржылоого болгон жылдык керектөө 10 млрд сомду түзөт.
Финансы министрлигинен белгилешкендей, бул бюджеттик чөйрөнүн жагымдуулугун жогорулатууга, квалификациялуу кадрларды кармап калууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана натыйжада мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.
Эмгек акынын жогорулоо көлөмү кызматкердин кесиптик квалификациянын деңгээлине, ишинин татаалдыгына жана жоопкерчилигине, сапатына жана натыйжаларына, кесиптик демилгеге, эмгек шарттарына жана иш режимине, ээлеген кызмат ордунун деңгээлине жараша болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.