Кыргыз фондулук биржасы өлкөдөгү ири каржы институттарынын биринин ребрендинги өткөрүлөрүн жарыялады. Акционерлердин чогулушунун күн тартибине «АБанк» ААК уставынын жаңы редакциясын бекитүү маселеси кирди.
Акционерлер «АБанк» ААКсынын уставынын жаңы редакциясын бекитишти. Фирмалык (расмий) аталышынын «Айыл Банк» ААКсынан «АБанк» ААКсына өзгөртүлүшүнө байланыштуу Банкты юстиция органдарында жана КРнын башка мамлекеттик органдарында кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Чечим жүз пайыз акционерлердин катышуусу менен кабыл алынды.
«Айыл Банк» – Кыргызстандын бүткүл аймагын камтыган кеңири тармагы бар динамикалуу өнүгүп жаткан универсалдуу банк. Өлкөдө төмөнкү филиалдар иштейт:
- 38 филиалдар;
- 57 сактык кассалар;
- 32 мобилдик касса;
- 26 аймактык бөлүмдөр;
- 10 чакан кеңсе.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.