Курс USD 87.25 / 87.73
Курс EUR 99.33 / 100.33
Курс RUB 1.073 / 1.102
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.25 / 87.73
EUR EUR
99.33 / 100.33
RUB RUB
1.073 / 1.102
KZT KZT
0.141 / 0.174

Bakai Bank UFCнин КМШдагы расмий банкы болду

Bakai Bank аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү эң ири уюм — UFC® менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүн сыймыктануу менен жарыялайт. Бул келишимдин алкагында банк КМШ өлкөлөрүндө, тактап айтканда Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда UFCнин расмий банкы болуп калды.
Bakai Bank UFCнин КМШдагы расмий банкы болду

Бул — Борбор Азия тарыхында биринчи жолу банктын UFC менен өнөктөш болгон өзгөчө окуя. Өнөктөштүк түз эфирдеги беттештерди көрсөтүүнү, биргелешкен маркетинг жана санариптик демилгелерди, ошондой эле Bakai Bankты UFCнин Евразиядагы медиа платформаларына интеграциялоону камтыйт.

Өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү спортчуларды колдоо жана кардарларыбыз менен MMA күйөрмандарына күчтүү эмоция тартуулоо негизги багыттардан болот. Биз UFCнин атмосферасын түз эфирде да, ареналарда да элге жеткиликтүү кылууга умтулабыз.

Bakai Bankтын башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимов мындай деди:

«UFC сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги уюм менен кызматташуу — биз үчүн чоң сыймык. Бул жөн гана спорттук өнөктөштүк эмес, энергияга, аракетке жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө багытталган кадам. UFC миллиондогон адамдарды шыктандырат. Биз бул өнөктөштүк Bakai Bank брендине болгон ишенимди бекемдеп, кардарларыбызга эсте каларлык көптөгөн көз ирмемдерди тартуулайт деп ишенебиз. Биз — энергия кайда болсо, ошол жактабыз. Биз — UFC бар жердебиз».

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.