Иш-чаралардын негизги катышуучулары болуп Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Жээнбеков, Манас шаарынын Салык кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Исраилов жана Кызыл-Кыя шаарынын салык кызматы башкармалыгынын башчысы Рустам Абдрахманов болду. МСКнын өкүлдөрү форумдун ишине катышып эле чектелбестен, ишкерлердин көптөгөн суроолоруна ачык жооп берип, салык мыйзамдарынын актуалдуу жоболорун түшүндүрүп беришти.
Форумдар мазмундуу пикир алышуулардын жана тажрыйба алмашуунун аянтчасы болду:
- Каныбек Чериков, Бакай Банктын амбассадору, салык укугу боюнча адис-юрист - салык мыйзамдарын практикалык колдонуудагы мүчүлүштүктөр боюнча түшүндүрдү.
- Айбек Жангазиев, Бакай Бизнесинин амбассадору - Кыргызстандагы бизнес тармагынын өнүгүүсү боюнча өз көз карашын бөлүштү.
- Тимур Тиленов, Кыргызстанда жана АКШда бизнеси бар ишкер - бизнес жүргүзүүдөгү эл аралык тажрыйбасын жана бизнес-чөйрөдөгү салыштырууларды айтып берди.
- Асель Алиева, Бакай Банктын бизнес өнүктүрүү департаментинин директору - бизнес үчүн санариптик продукттар тууралуу айтып берди.
- Болот уулу Эсбола, Бакай Банктын аналитика жана насыя продукттарын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы — чакан жана орто бизнести колдоо куралдарын тааныштырды.
- Айдай Мокушева, BAKAI маркетинг департаментинин директору - бизнеске кардар табууга жана өсүүгө жардам берген заманбап маркетинг жана бизнести алга жылдыруу тажрыйбалары менен бөлүштү.
BAKAI башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурдин Иризбаевич Алыбаев маегинде BAKAI Business Forum иш чарасын өткөрүүнүн максаты - банк, ишкерлер жана мамлекеттик органдар ортосунда түз диалог үчүн ачык аянтча түзүү экенин белгиледи.
«Биз аймактардагы бизнес каржылык жактан колдоону гана эмес, зарыл болгон билимди, тажрыйбаны жана практикалык суроолорго жоопторду да ала алуусун каалайбыз. BAKAI бизнес үчүн бир гана каржылык институт болбостон, анын өнүгүшүндө чыныгы өнөктөш болууга умтулат», - деп белгиледи ал.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар ишкерлерге мамлекеттик органдардан жана эксперттерден түздөн-түз актуалдуу жооп алууга шарт түзүп, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI өлкөнүн аймактарында бизнес боюнча түз жолугушуу такшалмаларын өткөрүүнү улантат.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.