BAKAI’дын кардарлары XRuby платформасы аркылуу улуттук стейблкоин KGST менен соода жүргүзүүгө алгачкылардан болуп катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты

BAKAI лицензияланган XRuby криптоплатформасы менен бирге сом менен 1:1 катыштыкта толук камсыздалган улуттук стейблкоин KGST’ни соодага чыгарганын жарыялады.

BAKAI’дын кардарлары XRuby платформасы аркылуу улуттук стейблкоин KGST менен соода жүргүзүүгө алгачкылардан болуп катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты

Мындан ары BAKAI’дын кардарлары Кыргызстандагы коопсуз жана толук юридикалык негизде иштеген санарип экосистема - XRuby платформасында KGST’ни түздөн-түз сатып алып, алмаштыра алышат.

XRuby - KGST стейблкоини листингге чыккан өлкөдөгү биринчи платформа болду. Интеграция боюнча бардык техникалык иштер ийгиликтүү аяктады, смарт-келишим көз карандысыз коопсуздук аудитинен өттү, ал эми Whitepaper адистер тарабынан бааланды.

KGST - Кыргызстандын жаңы санариптик экономика куралы

KGST - ачык, коопсуз жана толук камсыздалган стейблкоин. Ал өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Токендин резервдери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарында сакталат жана бул активдин ишенимдүү экенин камсыздайт.

KGST BNB Smart Chain (BSC) блокчейнинин негизинде иштейт жана коопсуздук, комплаенс боюнча эл аралык талаптарга жооп берет.

Инфраструктурада көп баскычтуу аутентификация, KYC/AML текшерүүлөрү жана операциялардын толук ачык-айкындуулугу каралган.

KGST’ни өнүктүрүү стратегиясы токендин колдонуусун жергиликтүү рыноктон тышкары да кеңейтүүнү камтыйт. Ата мекендик биржаларда ишке киргизилгенден кийин, бир катар эл аралык платформаларда да листингге чыгаруу пландалууда.

Токендин эмиссионери - «KGSTOKEN» ЖЧКсы.

BAKAI’дын кардарлары үчүн приоритеттүү мүмкүнчүлүк

Банк XRuby менен бирге KGST соодасына кошулуу үчүн ыңгайлуу инструменттерди даярдап жатат.

BAKAI’дын колдонуучулары XRuby биржасына катталып, верификациядан өтүп, стейблкоинди бир нече жөнөкөй кадам менен түздөн-түз сатып ала алышат.

Банк өкүлдөрү:

«KGST боюнча соода XRuby’де башталганы кубандырат. Бул BAKAI’дын кардарлары үчүн санариптик каржы дүйнөсүнө болгон жаңы баскыч. Алар эми улуттук стейблкоинге коопсуз, ыңгайлуу  мүмкүнчүлүк алып, Кыргызстандагы блокчейн экономикасынын өсүшүнө катыша алышат. Каржылык келечек — салттуу банк сектору менен санариптик технологиялардын бирикмесинде. KGST жана XRuby өлкөдө инновациялык инструменттерге ачык жана түшүнүктүү инфраструктура түзүп жатат», - деген оюн билдиришти.

XRuby - Кыргызстандагы лицензияланган криптоплатформа

XRuby - Кыргызстандагы биринчи лицензияланган санарип активдер оператору (лицензия СРиНФР №0088 ВА). Платформа санарип активдерди сактоо жана соода кылуу боюнча толук кызматтарды сунуштайт.

BAKAI - өлкөнүн санарип инновацияларын жана каржылык инфраструктурасын колдогон ишенимдүү өнөктөш. KGST тууралуу кеңири маалымат - bakai.kg сайтында.

Важно: Этa cтaтья нe являeтcя инвecтициoнным coвeтoм.
Читaтeль caмocтoятeльнo нecет пoлную oтвeтcтвeннocть зa любыe дeйcтвия, coвepшaeмыe им нa ocнoвaнии инфopмaции, пoлучeннoй нa нaшeм caйтe. Пpиoбpeтeниe выcoкopиcкoвaнныx aктивoв cвязaнo c дoпoлнитeльными pиcкaми.

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.