Кыргызстандын Финансы министрлиги физикалык алтын менен корголгон дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKG катталганын маалымдады.
Каттоо КРнын Каржы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы аркылуу өткөрүлдү. Жаңы санариптик актив 1 USDKG = 1 АКШ долларына барабар жана алтын менен камсыздалган, бул аны баалуу металлдын ишенимдүүлүгүн жана заманбап блокчейн-технологиясын айкалыштырган уникалдуу инструментке айлантат.
Кыргызстан алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоинди расмий түрдө чыгарган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.
Эмиссия жана андан аркы кадамдар
Жакынкы күндөрү USDKG биринчи эмиссиясы жанан анын листинги борбордоштурулган жана борбордоштурулбаган аянттарда пландаштырылууда. Долбоор санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн каржылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган бекитилген пилоттук долбоордун алкагында ишке ашырылууда.
Чыгарылганга чейин Финансы министрлиги механизми, көлөмү жана чыгарылган күнү тууралуу толук маалымат менен өзүнчө билдирүү жарыялайт.
Санариптик активдердин жаңы стандарттары
USDKG ачык-айкындуулукка, ишенимдүүлүккө жана реалдуу активдер менен колдоого багытталган жаңы финансылык стандарт катары эсептелүүдө. Ар бир токен мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн физикалык алтын менен камсыздалган.
Ишке киргизүү дүйнөлүк кызыгууну жаратып, Кыргызстандын финансылык инновациялардын борбору болууга жол ачып, узак мөөнөттүү экономикалык өсүү жана инвестиция үчүн негиз түздү.
Финансы министрлиги бул долбоор виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алкагында ишке ашырылып жаткан KGST улуттук стейблкоинди жана санариптик сомду өнүктүрүү боюнча демилгелерге тиешеси жок экенин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин USDKG өлкө тарыхындагы мамлекет тарабынан колдоого алынган биринчи стейблкоин катталганын кабарлаганбыз.
