Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, биринчи суткада аталган жөлөк пулга жалпысынан 14 318 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул дайындоого кабыл алынып, бул жалпы арыздардын 96,2 пайызын түздү.
Ата-энелердин басымдуу бөлүгү 89 пайызы, тагыраагы 12 205и мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта арыз беришкен.
Ал эми 1 577 арыз (11%) кагаз жүзүндө тапшырылды.
Тилекке каршы, 536 арыз (4%) кабыл алынган жок. Мунун негизги себептери мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбестиги болуп саналат. Министрлик бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана техникалык операторлор менен биргеликте ыкчам иштерди жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, ай сайын берилүүчү «Бал ырысы» мамлекеттик жөлөкпулу президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Төлөмдүн өлчөмү ар бир бала үчүн төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейин айына 1200 сомду түзөт. Учурда арыздарды кабыл алуу уланууда.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.