«Келечек» ипотекалык продуктусу: банктардын кредиттик адистери кызматташканга даяр

Кепилдик фонду Кыргызстандын бардык аймактарында өнөктөш банктардын кредиттик адистерине бир катар окутуучу семинарларды өткөрдү. Окутууга «Айыл Банк» ААКсынын, «Мбанк» ААКсынын, «Дос-Кредобанк» ААКсынын, жана «Элдик Банк» ААКсынын, өкүлдөрү катышышты.

«Келечек» ипотекалык продуктусу: банктардын кредиттик адистери кызматташканга даяр
Фото: Shutterstock

Семинарлардын негизги багыты - жаңы «Келечек» кепилдик продуктусунун шарттарын жана артыкчылыктарын түшүндүрүү болду.

«Келечек» ипотекалык продуктусу үстүбүздөгү жылдын май айында ишке киргизилип, калктын арасында кеңири суроо-талапка ээ болууда. Бүгүнкү күндө бул продукт аркылуу 5,5 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилди, анын негизинде жарандар жалпы көлөмү 21,2 млн сомдон ашык суммага ипотекалык кредиттерди алышты.

Семинарлардын жыйынтыгында адистер бул ипотекалык продуктунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аны кардарлар менен иштөөдө активдүү пайдаланууга даяр экендигин айтышты.

«Келечек» ипотекалык продуктусу боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн телефондор: +996 (556) 62 53 79, +996 (554) 17 71 05, +996 (312) 62 53 79 же www. gf.kg.