Banks.kg ичинен: Продукт карталары кантип түзүлөт

Banks.kg порталынын негизги максаттарынын бири - Кыргызстандын каржы рыногун коомчулукка түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу. Бул баракчадан сиз көргөн нерселердин бардыгы - биздин сайттын жамаатынын күнүмдүк ишинин натыйжасы.

Banks.kg ичинен: Продукт карталары кантип түзүлөт

Banks.kg Кыргызстандын рыногунда беш жылдан бери иштеп келет. Бул жылдар аралыгында биздин команда, ар бир колдонуучу ондогон сайттардан маалымат издөөгө убакыт коротпостон, банктык өндүрүмдөрдүн шарттарын оңой салыштырып, чечим кабыл алууга мүмкүндүк берген платформаны түзүп келет.

Биздин сайтта маалымат жайгаштыру үчүн -кредиттер, депозиттер жана банк карталары жөнүндө, - биз кабарларды расмий булактардан гана алабыз: банктардын сайтынан, пресс-релиздерден жана башка ачык документтерден. Биз порталыбызга максималдуу так жана актуалдуу кабар чыгарууга аракет кылып келебиз. 

Бирок, Banks.kg порталы - көз карандысыз маалыматтык ресурс экенин эстен чыгарбоо керек жана Кыргызстандын каржы рыногу дайыма өзгөрүп турат. Учурда өлкөдө 21 коммерциялык банк иш алып барат, көптөгөн микрокредиттик компаниялар жана  акча алмаштыруу бюролору иштөөдө.

Банктар жана МФУ пайыздык чендерди, тейлөө шарттарын кайра карап чыгып, тарифтерди бат-баттан жаңыртып жана акцияларды жарыялап турушат. Биз бул өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөйбүз, бирок маалыматтардын чоң көлөмүнө байланыштуу бардык оңдоолорду дароо жасоого ар дайым эле убактыбыз боло бербейт.

Биз окурмандарыбызга чынчыл мамиле жасагыбыз келет: сайтта оңдолбогон маалыматтар бар болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, редакция  премиум Visа картасы мурда так эместик бар экенин белгилейт. Мындай жагдайлар ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн экенин түшүнөбүз жана бул үчүн кечирим сурайбыз. Visa Infinite жана Visa Platinum карталарынын учурдагы так тарифтери бул шилтемеде.

Биз каржы институттары менен кызматташууга дайыма ачык экенибизди баса белгилеп кеткибиз келет. Эгерде тарифтертерде, шарттарда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, редакцияга кабарлап койсо, ыраазы болот. Мындай кайтарым байланыш бизге маалыматты тез жаңыртууга жана порталдагы маалыматтардын жогорку тактыгын сактоого жардам берет. Жыйынтыгында бардыгына пайда болот  - каржы рыногунун катышуучуларына да, колдонуучуларга да.

Banks.kg порталынын жамааты окурмандарга жана бизге ишенген бардык колдонуучуларга ыраазычылык билдирет. Биз өнүгүп, системабызды дагы да өркүндөтүүдөбүз жана Banks.kg сайтындагы ар бир продукт картасын мүмкүн болушунча так болушун камсыздоого умтулуп жатабыз. Биздин колдонуучулар каржылык чечимдерди ишенимдүү жана ар бир майда нерсени түшүнүү менен кабыл алышы биз үчүн маанилүү.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться