Эми Banks.kg кыргыз тилинде жеткиликтүү

Banks.kg порталынын миссиясы - Кыргызстандын банктары тууралуу маалыматтарды ар бир жаранга жеткиликтүү кылуу. Мындан ары, порталдын бардык баракчалары банктык өндүрүм карталарын кошкондо кыргыз тилинде жеткиликтүү экенин кубануу менен кабарлайбыз!

Эми Banks.kg кыргыз тилинде жеткиликтүү

Эске салсак, буга чейин биздин аянтчада негизги тил орус тили болуп саналчу. Ал эми кыргыз тилинде редакция жаңылыктарды жана макалаларды гана жарыялачу, эми насыялардын, аманаттардын шарттары, Кыргызстандагы бардык банктын банк карталары тууралуу кыргызча окуй аласыз, ошондой эле микрокредиттер, камсыздандыруу жана акча которуулардын системасы да кыргыз тилинде жеткиликтүү. 

Бул жетишкендик - сайттын техникалык жактан пландалган жаңылануусу эмес, биздин миссиябыз: банк өндүрүмдөрү жана каржы маалыматтарын ар бир кыргызстандыкка түшүнүктүү кылуу.

Биздин аянтча жана биздеги маалыматтар жарандарга туура чечим чыгарууга жардам берет деп ишенебиз: биздин окурмандар өздөрүнө ылайык келген насыяны тандай алышат, депозиттер боюнча сунуштарды салыштырып, эң пайдалуусун тандай алышат жана албетте, керектөөсүнө ылайык банк картасын да тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бардык маалыматтар сайтта окууга ылайыктуу.

Орус тилинен кыргызчага максималдуу так которуу үчүн атайын адистер иштеди. Биз, Banks.kg порталына кирген колдонуучулар үчүн маалыматтар түшүнүктүү, туура жана так болот деп ишенебиз. 

Мындан ары сайтка киргенде колдонуучулар тилди тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Система автоматтык түрдө сиздин буга чейинки тандаган тилди сактап калып, кийинки киргенде ошол тилде сунуштайт.

Биздин долбоорду колдогон бардык окурмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Сайттын кыргыз тилинде жеткиликтүүлүгү - бул Banks.kg порталынын Кыргызстандагы банк өндүрүмдөрү тууралуу  №1 сервиси болгон кадамы.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.