Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Ыңгайлуу кредитти тандап, көз ачып жумганча арыз берүү: Banks.kg жана Bank.kg өнөктөш болушту

Кредиттерди салыштырып, насыя алууга арызды дароо жөнөтүү эми бир эле баракчадан мүмкүн. Маалыматтык Banks.kg порталы менен Bank.kg сервиси мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, кыргызстандыктар үчүн кредитти тариздөөнү дагы да жеңилдетүүдө.

Ыңгайлуу кредитти тандап, көз ачып жумганча арыз берүү: Banks.kg жана Bank.kg өнөктөш болушту

Маалыматтык Banks.kg порталы колдонуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана Кыргызстандын каржы рыногунун алдыңкы катышуучулары менен өнөктөштүк долбоорлорду өнүктүрүүнү улантууда. 7-августта, маалыматтык Banks.kg порталы менен кредиттерди тариздөө боюнча Bank.kg сервиси өнөктөштүк жана биргелешкен иш алып баруу тууралуу келишим түзүшкөнүн кубануу менен билдиребиз.

Макулдашуунун негизги жыйынтыгы кредит алуу үчүн арыз берүү сервисинин интеграцияланышы болду. Эми Bank.kg сайтына киргендер финансы-кредиттик уюмдардын сунуштары менен таанышып, кредит берүүнүн шарттарын салыштырып, өзүнө ылайыктуу продуктуну тандап гана тим болбостон, ошол эле жерден кредит алууга арыз жөнөтө алышат. Бул кредитти тариздөө процессин бир топ ыңгайлуу кылат: керектүү маалыматтын баары жана арыз берүү мүмкүнчүлүгү бир баракчага топтолуп, бир нече баскыч менен жеткиликтүү болот.

Bank.kg сервисинин маанилүү артыкчылыктарынын бири порталдын үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болушу. Мунун жардамы менен сервисти Кыргызстандын жарандары гана эмес, чет элдик адистер, инвесторлор жана өлкөгө келген коноктор да пайдалана алышат.

Banks.kg үчүн бул өнөктөштүк - финансылык продуктуларды издөө жана тариздөө процессин мүмкүн болушунча жөнөкөй, ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылуу багытындагы дагы бир кадам.

«Беш жылдан бери Banks.kg колдонуучуларга банктардын мыкты сунуштарын тез табууга жана керектүү кызматтарды бир нече баскыч менен алууга жардам бере турган сервистерди өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Биз Bank.kg командасынын кесипкөйлүк мамилесин жогору баалайбыз жана өнөктөштүгүбүз эки платформа үчүн тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз», - деп белгиледи Banks.kg порталынын башкы редактору Ольга Башкирова.

Banks.kg командасынын тажрыйбасын жана Bank.kg сервисинин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен эки платформа тең колдонуучуларга мындан ары да көп пайдалуу кызматтарды жана ыңгайлуу чечимдерди сунуштай алат, ошондой эле өлкөнүн санариптик финансылык экосистемасын өнүктүрүүгө биргелешкен салым кошуусу күтүлүүдө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.