Биздин негизги артыкчылыгыбыз — колдонуучулар үчүн ыңгайлуулук жана пайда
Беш жыл мурун Кыргызстандагы №1 банктык өндүрүм агрегаторунун тарыхы башталган. Кыргызстанда иштөө үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар чакан долбоор акырындык менен өнүгүп, рынокко, колдонуучулардын жана өнөктөштөрдүн муктаждыктарына ылайыкташып келди. Азыр бизде эмне бар.
Биздин команда
Башында долбоор программисттердин чакан тобу тарабынан өнүктүрүлүп келген, убакыттын өтүшү менен ишке редакция — журналисттердин штаты активдүү кошулуп, бара-бара кеңейди. Акыркы бир жыл ичинде командабызды бир топ күчөттүк: авторлордун санын көбөйттүк, кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо үчүн кесипкөй котормочу менен иштешип баштадык, банктык өндүрүмдөр боюнча маалыматтардын актуалдуулугуна жооп берген адисти коштук, ошондой эле SMM багытын кеңейттик.
Ар бир кызматкер маалыматтын сапатына жооп берет. Редакция кабарларды жарыялоодо маалыматтарды кылдат текшерет, биринчи булактар (мекемелер жана респонденттер) менен иштейт жана такталбаган материалдарды жарыялабайт.
Функционал
Биздин иштеп чыгуучулар сайттагы кызматтардын функционалын тынымсыз өркүндөтүп келишет. Долбоор башталган учурда Banks.kg аркылуу кредитке гана арыз жөнөтүүгө мүмкүн болсо, бүгүнкү күндө колдонуучулар депозиттерге жана банк карталарына да арыз бере алышат. Өз кезегинде банктардын адистери арыздарды алып, кайрылууларга ыкчам жооп берип, кардарларга кеңеш берип, эң ылайыктуу шарттарды сунушташат. Жыл башынан бери Banks.kg аркылуу банктарга 30 000ден ашуун арыз жөнөтүлгөн.
Акыркы убакта сайтта жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду: материалдарды угуу функциясы, уюмдарды баалоо, өндүрүмдөрдү салыштыруу, ошондой эле маанилүү маалымат ар дайым колдо болушу үчүн жеке кабинеттеги «Тандалмаларга» материалдарды кошуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, колдонуучулар пайдалуу валюталар курсу тууралуу билдирмелерге жазыла алышат — бул өзгөрүүлөрдү өз алдынча көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогондо өзгөчө ыңгайлуу.
Колдонуучуларга кам көрүү
Долбоор түзүлгөндөн бери анын миссиясы каржылык маалыматты ар бир адам үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу, орус жана кыргыз тилдеринде сунуштоо болуп келет. Валюталар куру, банктык өндүрүмдөр, аналитика, жаңылыктар жана пайдалуу кеңештер - мунун баары миңдеген колдонуучуларыбыздын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Banks.kg төмөнкүлөрдү билүүгө жардам берет: валютаны кайсы жерде пайдалуураак алмаштырса болот, кайсы кредитти тандаган жакшы жана жаңы каржылык куралдар менен кызматтарга кантип туура багыт алса болоруна.
Өнөктөштөр жана колдонуучулар Banks.kg’ни тандайт
Бул жылдар аралыгында портал финансылык уюмдар менен кардарлардын ортосундагы диалог үчүн аянтчага айланды. Банктар, микрофинансылык компаниялар жана рыноктун башка катышуучулары өз өндүрүмдөрү тууралуу ачык айтууга мүмкүнчүлүк алышты, ал эми колдонуучулар кызматтарды тез салыштырып, баалап жана өздөрү үчүн эң ылайыктуу банктык продукттарды тандай алышат.
Миссия
Banks.kg финансылык сабаттуулукту жогорулатууда өзгөчө роль ойнойт. Биз муну күн сайын жасап келебиз! Ошого карабастан, редакция жыл сайын өткөрүлүүчү КРнын Улуттук банкынын «Дүйнөлүк акча жумалыгы» жана «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү» иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып, ошондой эле тармактык форумдарга активдүү катышып келет. Биздин эки тилде 24/7 жеткиликтүү болгон макалаларыбыз, талдоолорубуз жана нускамаларыбыз колдонуучуларга акча кандай иштээрин, кандай тобокелдиктер бар экенин жана аларды кантип башкаруу керектигин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
Долбоордун жетекчилиги беш жыл - бул жөн гана дата эмес, ишенимдин, туруктуулуктун жана өсүштүн көрсөткүчү деп эсептейт. Бул убакыт ичинде жетишкен ийгиликтерибиз менен сыймыктанабыз. Бүгүнкү жетишкендерибиз - бул команданын биргелешкен эмгегинин, өнөктөштөрдүн ишениминин жана колдонуучулардын кызыгуусунун жыйынтыгы. Бирок бул башталышы гана. Алдыда дагы көп иштер турат: жаңы кызматтар, пайдалуу куралдар жана көптөгөн керектүү маалыматтар. Banks.kg — бул жөн гана сайт эмес. Бул долбоордун үстүндө иштеген күчтүү команда жана сиздин каржы дүйнөсүндөгү ишенимдүү жол көрсөтүүчүңүз.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.