Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.51 / 99.51
Курс RUB 1.077 / 1.110
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.51 / 99.51
RUB RUB
1.077 / 1.110
KZT KZT
0.117 / 0.187

КРде кайсы банктардан аты-жөнү жана дареги менен англис тилиндеги эсеп көчүрмөсүн алса болот?

Banks.kg порталы Кыргызстандагы бир катар банктар менен байланышып, жеке адамдар үчүн англис тилинде аты-жөнү, дареги жазылган көчүрмөлөрдү береби, берсе бул үчүн кандай кадамдар талап кылынарын сурап көрдү.
КРде кайсы банктардан аты-жөнү жана дареги менен англис тилиндеги эсеп көчүрмөсүн алса болот?

Кыргызстандын айрым банктары кардардын аты-жөнүн жана дарегин көрсөтүү менен англис тилиндеги эсеп көчүрмөсүн алуу мүмкүнчүлүгүн беришет, ал көбүнчө визага тапшыруу, чет элдик кызматтар үчүн даректи текшерүү жана башка максаттарда талап кылынат.

Республиканын бир катар банктары бул кызматты сунуш кылышат. Көчүрмөлөр банк эсебинин ээсинин аты-жөнүн жана дарегин камтыйт.

ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы»

Банк жеке адамдар үчүн англис тилинде аты-жөнү жана дареги көрсөтүлгөн эсеп көчүрмөсүн онлайн режиминде жана банкка барганда алууга мүмкүндүгүн билдирди:

  • DemirBank мобилдик тиркемесинен убакытты жана англис тилин тандоо керек. Эсеп боюнча көчүрмө үчүн эң узак мөөнөт жарым жылдан ашпоого тийиш.
  • Эгерде сизге көчүрмөнүн кагаз версиясы керек болсо, паспортуңуз менен банкка барышыңыз керек. Бир барагы 51 сом турат. Аталган маалымкат ошол эле күнү берилет, эгерде кезек узун болсо күтүүгө туура келет.

ЖАК «ФИНКА Банкы»

FINCA Банкында өзүңүздүн аты-жөнүңүз жана дарегиңиз менен англис тилиндеги эсеп көчүрмөсүн алуу үчүн Банкка паспорт менен баруу керек.

  • Шашылыш эмес болсо наркы 500 сом болот. Ал эртеси күнү даяр болот.
  • Эгерде шашылыш болсо, 700 сом болот, аны 2 сааттан кийин алсаңыз болот.  

ААК «Бай Түшүм» Банкы

«Бай Түшүм» Банкынан бул көчүрмөнү алуу үчүн паспорт менен банктын бөлүмдөрүнө баруу керек.

Документ дароо берилет, 1 барак үчүн комиссия 350 сом болот. Эгерде шашылыш болсо, төлөм көбүрөөк болот.

ААК «Бакай Банкы»

«Бакай Банктан» аталган документти алуу үчүн Банктын филиалдарынын бирине барып, паспорт көрсөтүү керек. 

  • Чыгаруунун баасы - 1000 сом. 
  • Документ бир күндөн кийин даяр болот.

ААК «Оптима Банк»

Документти алуу үчүн паспорт менен Банкка барасыз. Дароо эле чыгарып беришет. 

1 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө көчүрмөнү берүү үчүн төлөм 300 сомду, бир жылдан ашык үчүн 1000 сомду түзөт.

ААК «Мбанк»

Мбанк Банктын мобилдик тиркемесинде белгилүү бир мөөнөттү тандап, орус тилиндеги көчүрмөнү басып чыгарууга, аны кесипкөй котормочуга которуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө болорун билдирди.

ЖАК «KICB»

Аты-жөнү бар, бирок дареги жок англис тилиндеги эсеп көчүрмөсүн паспортту көрсөтүп, Банктын бөлүмдөрүнөн алса болот. Билдирүүдө эсептин номери, валютасы жана балансы көрсөтүлөт.

Билдирүү дароо чыгарылып берилет. Кызмат акысы 510 сомду түзөт. 

ААК «Элдик Банк», ААК «Дос-Кредобанк», ЖАК «Банк Компаньон», ААК «О!Банк», ЖАК «Банк Азия», ЖАК «ЭкоИсламикБанк» жана ЖАК «КСБ Коммерциялык Банкы» англис тилинде мындай документти жасабай тургандарын билдиришти. 

Эгерде банк англис тилиндеги мындай документти бербесе, аны мамлекеттик же расмий тилдерде алып, котормо агенттигинен англис тилине которуп, нотариалдык жактан күбөлөндүрсө болот. Кээ бир бюролор ушундай документтерге адистешип, элчиликтердин талаптарын билишет.

Ал эми ААК «Кыргызкоммерцбанк», ААК «Айыл Банк», ААК «Capital Bank» жана ААК «Керемет Банкы» менен байланышуу мүмкүн болгон жок. 

Кыргызстандагы бардык банктардын байланыш номерлери менен төмөнкү шилтемеден колдонсоңуз болот. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.