Binance компаниясынын бир бөлүгү бол: Амбассадорлор, өнөктөштөр жана периштелер криптонун келечегин кантип түзүшүүдө

Binance, дүйнөдөгү эң ири блокчейн экосистемасы жана эң чоң криптовалюта биржасы, Бишкектеги IT-Hub Technopark”та экинчи жолу Binance Community Meetup иш-чарасы өттү. Кыргызстанда крипто коомчулук үчүн өткөрүлгөн бул иш-чарага 300дөн ашуун колдонуучу катышты.
«Мен Binance компаниясынын амбассадору, өнөктөшү же ыктыярчысы катары бизге кошулуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып бергим келет. Биринчи – бул биздин Binance өнөктөштүк программасы. Эгерде сизде өз жамаатыңыз бар болсо жана билимдериңиз менен бөлүшүүнү кааласаңыз, же сизде Telegram тиркемесинде крипто коомчулук же аккаунт бар болсо, биз менен өнөктөш болуп акча таба аласыз. Сизге кандай пайда келээрин айта кетейин. Биз сизге рефералдык шилтеме беребиз, сиз аны өзүңүздүн аудиторияңызга бөлүшүп, ар бир соода үчүн 50% чейин комиссия ала аласыз жана 1 500 доллардан 72 000 АКШ долларына чейин криптовалюталар түрүндө бонус аласыз. Андан тышкары, биз сизди глобалдык иш-чараларга жана Binance конференцияларына чакырабыз. Эң негизгиси, ал жактан сиз кызыктуу убакыт өткөрүп, тажрыйба ала аласыз», - деп билдирди Айсулу Рахимбекова.
Андан кийин спикер Binance компаниясынын өнөктөшү болуу үчүн кандай кадамдарды аткаруу керектигин айтып берди. Жолугушуунун катышуучулары QR-код аркылуу өтүп, арыз калтырып, өздөрүнүн жеке менеджери менен байланышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Криптоиндустрияда жаңы баштап жаткан жана идеялары менен бөлүшкүсү келген, бирок азырынча чоң жамааты жоктор үчүн Binance «Binance SQUARE» платформасын сунуштайт. Бул криптоблогер катары өсүү үчүн идеалдуу баштоо чекити.
«Эгерде сизде жамаат жок болсо жана өнүгүүнү, идеяларыңызды бөлүшүүнү кааласаңыз, сиздерге Binance SQUARE платформасын сунуштайм. Биздин тиркемебизде жана веб-сайтта ар бириңиз өз оюңузду, билимиңизди, пайдалуу маалыматтарды жана контентти бөлүшө аласыз. Binance SQUARE - бул биздин платформаларыбыздын бири, ал сизге криптоблогер катары өсүүгө жардам берет. Бул – мыкты баштоо чекити. Мында бизде көптөгөн артыкчылыктар бар, бирок эң негизгиси – сиз баштапкы деңгээлде баштасаңыз болот. Binance – бул глобалдык рынок жана чоң аудитория, биз сизге бул жаатта колдоо көрсөтөбүз. Сиз Binance SQUARE платформада контент жаза аласыз, упай жана бонус топтой аласыз, жана кийинчерээк аларды криптовалютага алмаштыра аласыз», - деп кошумчалады Айсулу Рахимбекова.
Андан соң, спикер «Binance Angels» программасы жөнүндө айтып берди. Бул программа криптовалютага кызыккан активдүү колдонуучуларды ыктыярчы катары бириктирип, коомду сактоо боюнча жардам көрсөтөт. «Binance Angels» колдонуучуларга өздөрүнүн криптовалюталык тажрыйбасын бөлүшүп, жардам көрсөтөт.
«Эмнеге периштелер? Анткени периштелер сактоочулардын ролун аткарат. Биздин периштелер колдонуучуларга криптовалюталык тажрыйба берүүдө жардам берет. Сиз Binance компаниясынын менеджери менен маектешип, Binance өкүлү менен нетворкинг жүргүзө аласыз. Онлайн курстарга жана окутууга кирүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Эгерде сиз жаңы баштаган болсоңуз, биз сизге үйрөтөбүз. Биздин периштелер сизге криптоиндустриясына кирүүгө жардам берүү үчүн даяр», - деп кошумчалады Binance коомчулугунун менеджери.
Сүрөт: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.