Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти.
Негизги жаңы өзгөртүү - бинардык опциондорго толук тыюу салуу.
Бул эмнени билдирет? Мисалы, бир адам доллардын баасы 5 мүнөттүн ичинде көтөрүлөт деп 10 миң сом коёт. Эгер баа чындап эле көтөрүлсө - ал утуш алат. Эгер көтөрүлбөсө - койгон акчасынан айрылат. Негизинен, ал адам баанын жогорулашына же төмөндөшүнө коюм коет.
Мыйзам долбоору мындай ишмердүүлүккө тыюу салуу менен бирге аларды жарнамалоого, жайылтууга жана виртуалдык активдерди кабыл алууга, ошондой эле жарандарды бинардык опциондорго катышууга тартууга багытталган ортомчулук ишмердүүлүккө да тыюу салат.
Мындан тышкары, тиешелүү уруксатсыз, анын ичинде интернет аркылуу лотереяларды өткөргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору менен Кылмыш-жаза кодексине, «Кыргыз Республикасындагы кумар оюндары жөнүндө» жана «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.