Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Октябрь РИИБине Ф.Т. аттуу жаран азыр менен кайрылып, анда «Ф.Р.» ЖЧКсынын башкы директору А.Ж. жана анын кызы А.Б.га карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган.

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Сүрот: ИИМ

Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жабырлануучунун ишенимине кирип, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан долбоорго инвестиция салуу деген шылтоо менен 2024-жылдын 26-августунан 2025-жылдын 4-июлуна чейинки аралыкта анын 1 миллион 476 миң 844 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 

Козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катарында 1972-жылы туулган А.Ж. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот:

  • 0(706) 93-96-96;, ‪
  • 0(995) 95-09-40; 
  • 0(505) 10-65-65; 
  • 102.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.