Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтомунда көрсөтүлгөндөй, кыз социалдык тармактан видео көрүү аркылуу акча табуу тууралуу жарыяны тапкан. Ага банктык карта ачтырып, коммерциялык банктардын биринин тиркемесин орнотуп, мыйзамдуу электрондук коммерция жүргүзүү шылтоосу менен эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталган.
Бул үчүн ага түшкөн акчанын 2 пайызы жана күн сайын 5 миңден 10 миң сомго чейин киреше убада кылынган. Эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүн бергенден кийин ал 300 сом алган.
Кийинчерээк белгисиз адамдар бул эсепти башка жарандан акча алуу үчүн колдонушкан. Мобилдик банкинг жана QR-код аркылуу айыпталуучунун атына ачылган эсепке 265 199 сом түшкөн.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2026-жылдын 14-майында кылмыш ишин Кемин райондук сотуна өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарган. Буга болжолдуу укук бузуулар Кемин районунун аймагына байланыштуу болгону негиз болгон.
Шаардан чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.
Сот иштин маңызы боюнча кыздын күнөөсүн азырынча аныктай элек.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.