2026-жылы Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 551 млрд сомдон ашат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга кол койду.

2026-жылы Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 551 млрд сомдон ашат
Иллюстрациялык сүрөт

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  

Бул мыйзамдын максаты бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана 2026–2028-жылдарда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу болуп саналат. 

Мыйзамда Кыргызстандын 2026-жылга республикалык бюджети төмөнкүдөй бекитилген: 

  • кирешелер боюнча -  551 млрд 207 млн 156,1 миң сом;
  • чыгашалар боюнча -  550 млрд 770 млн 757,7 миң сом. 

Ошону менен катар, 2026-жылга республикалык бюджеттин профицити 436 млн 398,4 миң сом суммасында белгиленет. 

Ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн, мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого жумшалат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.