Бул тууралуу 13-майда Бишкекте КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Жөнгө салуучу гильотина жөнүндө» демилгесинин алкагында уруксат берүү системасын реформалоо боюнча жыйында билдирди.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бийлик 905 уруксат кагаздарын – лицензиялар, сертификаттар, каттоо жана башкаларды карап чыкты. Анын жыйынтыгында:
- 410 документ жокко чыгарылды;
- уруксат берүү процедураларынын саны 45,3%га кыскарды;
- кайталоолорду жоюу үчүн 170 документ бириктирилди;
- 495 документтин жаңы системасы түзүлдү.
Министр белгилегендей, реформа бюрократияны азайтуу, бизнеске болгон басымды жеңилдетүү жана ишкерлер үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө багытталган.
Реформа процессине 74 мамлекеттик орган, бизнес өкүлдөрү, Дүйнөлүк банк тобунун жана IFC”нын эксперттери катышты.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 439 уруксат кагаз документтеринин жаңы тизмеси бекитилди. Тизмеге кирбеген бардык документтерди мамлекеттик органдар мындан ары талап кыла албайт.
Ошондой эле бийлик дагы 199 процедураны жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда: кароо мөөнөттөрүн кыскартуу, керектүү документтердин тизмесин азайтуу жана процесстерди санариптик форматка өткөрүү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.