Минкаб көп балалуу энелерге «Бала Береке» жөлөк пулун берүүнү бекитти

КРнын Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» жөлөкпулун берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Минкаб көп балалуу энелерге «Бала Береке» жөлөк пулун берүүнү бекитти
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Документ калктын санын көбөйтүүгө, көп балалуу энелерге колдоо көрсөтүүгө жана балдардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

2026-жылдын 1-январынан тарта төрөгөн энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмүнүн өлчөмү:

  • 4-балага - 100 миң сом;
  • 5-балага - 600 миң сом;
  • 6-балага - 800 миң сом;
  • 7-балага - 1 миллион сом;
  • 8-балага - 1 миллион 200 миң сом;
  • 9-балага - 1 миллион 500 миң сом;
  • 10-балага жана андан кийинкилерине - 2 миллион сом.

«Кызмат» мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-январынан кийин төртүнчү жана андан кийинки баласын төрөгөн, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелер үчүн «Бала береке» бир жолку жөлөкпулу жөнүндө үй-бүлөлөргө автоматташтырылган кабарлоону ишке ашыруу тапшырылды», - деп жазылат маалыматта. 

Ал эми КРнын Финансы министрлигине «Бала Береке» төлөмүн өз убагында камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.

Документ расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.