Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматтар базасын жаңыртуу, келип түшкөн арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгуу жана маалыматтарды кошумча салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгында төлөм алууга 232 миң 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү.
«Бала ырысы» жөлөк пулунун базалык өлчөмү айына 1 200 сомду түзүп, балдар төрөлгөндөн тарта үч жашка толгонго чейин берилет. Ал эми айрым категориядагы калктуу конуштар үчүн төлөмдүн өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.
Эмгек министрлиги программанын алгачкы айларындагы ишке ашыруу тажрыйбасын жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен жөлөкпул берүү боюнча санариптик жана уюштуруучулук процесстерди мындан ары да өркүндөтүп, мамлекеттик колдоону ар бир үй-бүлө үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй, түшүнүктүү жана ишенимдүү алууга шарт түзөт.
Эске салсак, быйыл 8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулдун жаңы түрүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал эми 1-июлдан тарта Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталган.
Ошондой эле Banks.kg порталы «Бала ырысы» жөлөк пулун кантип алуу керектиги тууралуу жол-жобо жарыялаган. Жарандар арыздарын онлайн каттай алышат.
«Бала ырысы» жөлөк пулун төлөө үчүн июль айында 200 млн сомдон ашык каражат багытталганы кабарланган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.