Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.23 / 102.23
Курс RUB 1.085 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.23 / 102.23
RUB RUB
1.085 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Электрондук капчыктарга байланган банктык карталар жаңы мейкиндикти ачат

КРнын Улуттук банкы тарабынан сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, накталай эмес төлөмдөр чөйрөсүндөгү инновациялык продукттарды киргизүүгө тоскоолдук кылган ченемдик тоскоолдуктарды жоюу саналат, атап айтканда – электрондук капчыктарга функционалдык жактан байланган банктык карталарды чыгаруу.
Электрондук капчыктарга байланган банктык карталар жаңы мейкиндикти ачат

Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет.

Анда атайын жөнгө салуу режиминин алкагында бул операцияны тестирлөө төлөм уюмдарынын (төлөм системасынын операторлорунун) бири тарабынан ийгиликтүү деп таанылгандын жыйынтыгы боюнча электрондук капчыктарга уруксат берилген төлөм карталарын чыгарууну (эмиссиялоо) караган.  Учурда Кыргызстанда 38 юридикалык жак ТСО лицензиясына ээ.

«Кыргызстанда электрондук акча рыногу туруктуу өсүштү көрсөтүп, заманбап төлөм инфраструктурасынын маанилүү элементи болуп калды. 2025-жылдын 1-апрелине карата республикада 6,2 млн электрондук капчык катталган, бул калк арасында мындай инструменттин жогорку суроо-талапка ээ экендигин көрсөтөт. Бирок маанилүү прогресске карабастан, электрондук акча системаларынын учурда иштеп жаткан моделинде айрым технологиялык жана ченемдик чектөөлөр бар. Электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр негизинен провайдердин экосистемасынын ичинде –мобилдик тиркемелер жана QR-коддор аркылуу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, электрондук акчаны банктык төлөм карталары аркылуу колдонуу мыйзам тарабынан каралган эмес»,- деп жазылат маалыматта. 

Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр системаларынын өнүгүүсүн токтотуп турган негизги факторлордун бири – колдонуудагы мыйзамдарда электрондук капчыктарга уруксаты бар банктык карталарды чыгарууну жөнгө салуучу жоболордун жоктугу. Бул колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга, накталай эмес төлөмдөрдүн камтуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, айрыкча оффлайн-сегментинде жана төлөм системасынын инновациялык трансформациясын колдоого мүмкүндүк берүүчү заманбап гибриддик чечимдерди андан ары өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат.  

Банктык карталардын, электрондук капчыктардын артыкчылыктарын пайдалануу накталай эмес төлөм инфраструктурасын кеңейтүү жана акыркы колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.  

Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдардын бири тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында бул операцияны тестирлөө ийгиликтүү деп таанылгандын жыйынтыгы боюнча электрондук капчыктарга уруксат берилген төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) мүмкүнчүлүгүн кароону караган «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү сунушталат. 

Сунушталган жөнгө салууну кабыл алууда төмөнкүлөр күтүлөт: 

  • электрондук акча ээлеринин банктык төлөм карталарын колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү;
  • калктын накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр чөйрөсүндөгү финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
  • региондорду өнүктүрүү;
  • накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;  
  • банктык төлөм карталарынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алган соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдарынын санын көбөйтүү.  

Сарптоолор жана пайдалар боюнча конкреттүү сумманы белгилөө мүмкүн эмес, анткени сунушталган жөнгө салуу субъекттери сарптоолорду өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде тартышат. 

Сунушталган жөнгө салууну кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоону талап кылбайт. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.