Курс USD 87.29 / 87.79
Курс EUR 98.44 / 99.40
Курс RUB 1.043 / 1.183
Курс KZT 0.118 / 0.184
USD USD
87.29 / 87.79
EUR EUR
98.44 / 99.40
RUB RUB
1.043 / 1.183
KZT KZT
0.118 / 0.184

Чанпэн Чжао Кыргызстанда: Санарип активдери чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жана Улуттук кеңештин биринчи отуруму

Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул мезгилде өлкөдөгү маанилүү окуяга көпчүлүгү байкоо салып жатышты.
Чанпэн Чжао Кыргызстанда: Санарип активдери чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жана Улуттук кеңештин биринчи отуруму

Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга сапары 

3-майда президент Садыр Жапаров Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Атада жолугушту. Тараптар Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи. Ал санариптик сомду ишке киргизүү боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду. Тиешелүү мыйзамга жакында кол коюлган. 

Өз кезегинде Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга даярдыгын, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Садыр Жапаров ошондой эле Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын Президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды. 

Улуттук кеңештин биринчи отуруму 

4-майда, Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Ага дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышты.

«Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө, ал эми блокчейн жана санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланды», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, анын төрагалыгы алдында Чолпон-Ата шаарында өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынында.

Садыр Жапаров 2022-жылы «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын эске салды. Ал виртуалдык активдерди чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү боюнча укуктук негиз түзүп берген. 

«Бул мыйзам аркылуу жарандардын жана чет элдик өнөктөштөрдүн ишеними жогорулады. Бирок муну менен токтоп калбастан, биз жөнгө салуу, техникалык колдоо жана билим берүү иштерин да улантуубуз керек. «Ошол эле учурда ар түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат. Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда»,- деп белгиледи президент.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев белгилегендей, виртуалдык активдин өнүгүшү экономика сферасына байланышкан суроо эмес, стратегиялык коопсуздук болуп саналат. 

Белгилей кетсек, улуттук кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгында бир катар конкреттүү чечимдер кабыл алынды.    

Соңунда КРнын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Binance ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болду.

ЖМК өкүлдөрү менен баарлашуу 

Улуттук кеңештин биринчи отурумунан кийин иш-чаранын катышуучу журналисттерине маалымат-жыйын уюштурулду. 

Чанпэн Чжао блокчейн-технология жана криптовалюта боюнча мыкты тажрыйбасы менен бөлүүшүгө даярдыгын билдирди. 

«Кыргызстанда көргөндөрүм мени абдан таң калтырды. Бул укмуштуудай стратегиялык жайгашкан өлкө. Эми бул жакка бат-бат келип турам. Крипто жөнгө салууга келсек, бул багытты өнүктүрө турган жана үлгү көрсөткөн лидер болушу ар бир мамлекет үчүн абдан маанилүү. Кечээ Кыргызстандын президентинен көргөндөр бизди таң калтырды жана кубандырды. Өзөчө бул жаштар үчүн жана Кыргызстандын заманбап технологиясы үчүн маанилүү. Мен жана менин командам бизди Кыргызстанга чакыргандары үчүн сыймыктанабыз», - деп билдирди Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү. 

Андан кийин, Чанпэн Чжао криптовалюта рыногунун абалына жана анын дүйнөлүк рынокко тийгизген таасирине баа берди.

«Кыргызстан калкынын саны боюнча дүйнө картасында кичинекей өлкө экендигин жана Crypto Adoptionды  колдонуучулы төмөн деңгээлде экенин көрүп жатабыз. Кыргызстандын президенти жана кеңеш келечекте пландаштырып жаткан демилгелер менен республиканын дүйнөлүк масштабдагы мааниси жогорулайт», - деди Чанпэн Чжао.

Binance негиздөөчүсү колдонуучулар кандай коопсуздук чараларын көрүшү керектигин түшүндүрдү. 

«Коргонуунун биринчи деңгээли - коопсуздук. Бул эң негизгиси: убактыңыз жана күчүңүз өзүңүздүн коопсуздугуңузду жакшыртууга багытталышы керек. Binance жеке адамдарга, ишканаларга жана укук коргоо органдарына багытталган күчтүү билим берүү программаларын сунуштайт. Экинчи маанилүү деңгээл - бул жөнгө салуу. Бул нерсе ар бир өлкөдө колдонуучуларды коргойт жана инновацияда өнүгүүгө мүмкүндүк берет»,  деди Чанпэн Чжао. 

Андан ары талкуу республикада криптовалюталар менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө жана эл аралык консультанттарды тартуу зарылдыгына бурулду.

 «Мен криптовалютада төлөөгө болот деп эсептейм. Binance Pay жана башка ушул сыяктуу технологиялар ар кандай криптовалютаны кабыл алууга мүмкүндүк берет жана абдан маанилүү. Бул төлөм экосистемасынын өнүгүшүнө чоң түрткү берет жана биз өз технологияларыбызды сунуштоого даярбыз. Консультанттарды тартууга келсек, бул дагы маанилүү эмес, анткени азыр бүткүл дүйнө жөнгө салуу жана эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен алектенүүдө», - деди ал. 

Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча Binance аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков отурумдан кийин киберкылмыштуулукка каршы иште Кыргызстандын күнүнө 24 саат иштеген командасын колдоо үчүн Binance бардыгын кыла турганын билдирди.  

Кирилл Хомяков Binance Кыргызстан менен бир катар санариптик демилгелерди ишке киргизүү, анын ичинде калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана билим берүү программаларын алдыга жылдыруу маселелери боюнча иштеп жатышканын айтты.

Андан соң, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов блокчейн базасында санариптик сомду түзүүнү жана келечекте стейблкоинди чыгарууну, ошондой эле крипторезервди түзүүнү аныктады. Бул өңүттө эл аралык тажрыйба изилденип, Binance жана BNB chain өнөктөштөрү менен крипторезервди түзүү, анын структурасын аныктоо, тобокелдиктерди жана активдерди бөлүштүрүүнүн моделдерин баалоо, коопсуздук жана ачыктык үчүн эл аралык стандарттарды ишке ашыруу маселелери боюнча иш жүргүзүлөт.

Иш сапардын алкагында Чанпэн Чжао маданий иш-чарага катышып, анын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кыргыздын салттуу улуттук оюндары жана маданий мурастары көрсөтүлдү. Президент Чанпэн Чжаого ак калпак, улуттук чапан жана КРнын УЛуттук Банкынын коллекциялык монетасын тапшырды. 

Маалымдама: 

Чанпэн Чжао, CZ деген ат менен белгилүү болгон кытай-канадалык ишкер. Ал 2017-жылы Binance компаниясын негиздеген. Компания кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы Binance смарт келишимдер колдоосу менен блокчейнди - Binance Smart Chain (BSC) ишке киргизди. Тармак кийинчерээк BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн. Чанпэн Чжао борборлоштурулган компания катары Binance’тин өзүнөн көз карандысыз, масштабдуу, ыкчам жана арзан блокчейн инфраструктурасынын идеясын илгерлеткен. BNB Chain көптөгөн блокчейн долбоорлор үчүн негиз болуп калды.

Макала жана сүрөттөр КРнын президентинин басма сөз кызматы жана Banks.kg порталы тарабынан даярдалды. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.