Эми балдар тамак-ашы катары каттоодон өткөн суусундуктар маркаланууга милдеттүү

Мамлекеттик салык кызматы балдар тамак-ашы катары каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга карата күчүнө кирип жаткан талаптар боюнча түшүндүрмө берди.

Эми балдар тамак-ашы катары каттоодон өткөн суусундуктар маркаланууга милдеттүү
Иллюстрациялык сүрөт

Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта аталган өндүрүмдөргө милдеттүү түрдө акциз салыгы салынууга жана акциздик маркалар менен маркаланууга тийиш.

Ага ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган алкоголсуз суусундуктар, тагыраагы кант, татымалдар же жыпар жыттуу кошулмалары бар суулар, минералдык жана газдалган суулар кирет. Ал эми балдардын тамак-аш азыктары катары саналган пюре, ботко жана ушул сыяктуу товарларга акциз салыгы салынбайт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-майынан баштап өлкө аймагында мындай продукциянын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Суусундуктардын бул категориясына акциз салыгынын ставкасы өзгөрүүсүз калат жана литрине 3 сомду түзөт.

Бул норма жогоруда көрсөтүлгөн күбөлүктү берүү жолу менен акциз салыгын төлөөдөн качуу тобокелдиктерин жоюуга жана алкоголсуз суусундуктарды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө бирдей конкреттүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.