Курс USD 87.26 / 87.76
Курс EUR 99.23 / 100.23
Курс RUB 1.094 / 1.127
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.26 / 87.76
EUR EUR
99.23 / 100.23
RUB RUB
1.094 / 1.127
KZT KZT
0.117 / 0.187

Өнүгүүнүн жаңы этабы: «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКсы «Mbank» болуп өзгөртүлдү

2025-жылдын 30-январынан баштап «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» ААК расмий түрдө ААК «Мbank» болуп атын өзгөрттү. Бул маанилүү окуя банктын бирдиктүү брендге жана заманбап рыноктун стандарттарына ылайык келүүгө умтулуусу менен байланыштуу.
Өнүгүүнүн жаңы этабы: «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКсы «Mbank» болуп өзгөртүлдү

Банктын фирмалык (толук расмий) аталышы:

  • кыргызча: «Мбанк» Ачык акционердик коому;
  • орус тилинде: Ачык акционерное общество «Мбанк»;
  • англис тилинде: «Мbank» Open joint-stock company.

Аталышты өзгөртүү - брендди унификациялоого жана таанымалдуулукту жогорулатууга кадам болуп саналат. Жаңы бренд банктын баалуулуктарын мурдагыдан да жакшы чагылдырат: ачыктык, инновациялуулук жана кардарлардын ыңгайына көңүл буруу.

Банктын аталышынын өзгөрүшү анын ишмердүүлүгүнө жана милдеттенмелерине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бардык реквизиттер, анын ичинде ИНН, юридикалык дарек жана банктык эсептер ошол бойдон калат. Түзүлгөн келишимдер күчүндө калат жана документтерди же ишеним каттарды кайра тариздөөнүн зарылдыгы жок.

Документтерди даярдоодо 2025-жылдын 30-январынан тартып жаңы аталышы ААК Банк көрсөтүлүшү керек. Бул банк менен болгон бардык операцияларга жана өз ара аракеттерге тиешелүү.

Аталышты алмаштыруу жөн гана атын өзгөртүү эмес, кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы бренд алдыга умтулууну жана жаңы чакырыктарга даярдыгын билдирет.

Mbank – биринчи санарип!

КРУБ №014 Лицензиясы

5856
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.