Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайлар эски долларларды алууда кандай комиссия алышат?

КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 19-мартында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган.
Бул документ менен 2019-жылдын 14-августунда КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык 2025-жылдын 1-майынан баштап ыйгарым укуктуу субъекттерге (банктарга, алмашуу бюролоруна жана башкаларга) 2006-жылга чейинки жана ошол жылы чыгарылган, төлөм каражаты макамын жоготпогон АКШ доллар банкнотторун алмаштырууда комиссия белгилөөгө укук берилген.
Белгилей кетсек, комиссиянын өлчөмү негиздүү болушу керек жана 2006-жылга чейин чыгарылган доллар банкнотторун өлкөдөн чыгарып кетүүгө байланышкан чыгымдарды эске алуу менен аныкталат.
«Ак» долларларга (техникалык жактан жарактуу, бирок эски үлгүдөгү банкнотторго) комиссиялык төлөм тууралуу Banks.kg порталы «Алмашуу бюролорунун ассоциациясы «Альянс» юридикалык жактардын бирикмесине байланышты.
«Бардыгы доллардын абалына жараша болот. Эгер банкнототто штамптар, басылып калган белгилер, өтө эскирип кетсе, абалы начар болсо, жамалган, айрылган, бурчтары жок болсо алмашуу бюросунун кызматкерлеринин чечимине жараша комиссиялык төлөм купюранын номиналынан 3%дан 10%га чейин түзүшү мүмкүн. Ачыгын айтканда, мындай купюралар менен келгендер азыр сейрек кездешет. Базарда алардын саны азайып баратат. Кээде адамдар банктан келет – аларга ал жакта бул купюраларды кабыл албай коюшканын айтышат. Ал эми алмашуу бюросунда мындай акчалар топтолгондо, аларды АКШга учуп жаткан кардарларга арзаныраак баада сатып жиберишет», – деди юридикалык жактардын бирикмеси «Алмашуу бюролорунун ассоциациясы «Альянстын» төрагасы Марс Смайылбеков.
Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында КР Улуттук банкы 2006-жылга чейин чыгарылган доллар банкноттору боюнча операцияларга кошумча талаптарды киргизүү демилгесин көтөргөн. Мындай эски купюраларды алмаштырууда комиссиялык төлөм киргизүү бул долларларды өлкөдөн чыгарууга түрткү берүү жана жасалма акчалар менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында сунушталган механизмдердин бири болгон.
Буга чейин Banks.kg порталы орус банктары эски үлгүдөгү долларларды кабыл алууга кандай комиссиялар киргизгенин да жазган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.