Курс USD 87.24 / 87.73
Курс EUR 99.21 / 100.21
Курс RUB 1.075 / 1.102
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.73
EUR EUR
99.21 / 100.21
RUB RUB
1.075 / 1.102
KZT KZT
0.141 / 0.174

Кыргызстанда криптовалюталардын жүгүртүүсү 7 миллиард долларга жетти

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргызстанда криптовалюталардын жүгүртүүсү 7 миллиард долларга жетти

Ведосмтвонун маалыматына ылайык, тараптар Кыргызстандагы инвестициялык климаттын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өлкөдө иштеп жаткан америкалык инвестициялык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Анда практикалык кызматташуунун айрым мисалдары, All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын катышуусу менен Макмал–Каракол темир жол долбоорун «долбоордук кум коргон» принцибинин алкагында ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул долбоор өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөө үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Элчи өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргцызстанда бизнес жүргүзүүгө байланыштуу процедуралык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү зарылдыгына токтолду.

Жолугушууда өзгөчө көңүл санариптик экономикага жана криптовалюта секторуна бурулду. Белгиленгендей, 2022-жылы Кыргызстанда «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. 2024-жылдын аягына карата өлкөдө криптовалюталардын жүгүртүүсү 7 миллиард АКШ долларын түздү. Кыргызстан азыркы тапта блокчейн технологияларын,тоо-кен казып алуу, жасалма интеллект (AI) жана санариптик активдерди өнүктүрүү багытында Борбор Азиядагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири катары каралууда.

Америкалык тарап 2026-жылы санариптик сомдун киргизилишин региондогу эң инновациялык кадамдардын бири катары оң баалап, бул Кыргызстандын санариптик трансформацияга болгон умтулуусун айгинелегенин белгиледи.

Фархат Иминов агенттик бизнес менен мамлекеттин ортосунда көпүрө ролун аткараарын баса белгилеп, америкалык жана башка эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.