«Мудараба» депозити: Банк менен инвестициялык келишимдин өзгөчөлүктөрү

«Мудараба» келишими
Ислам банктары кандай иштерин түшүнүү үчүн «Мудараба» жана «Мушарака» түшүнүктөрүн тактоо керек. Бул материалда «Финсабат» билим берүү сайты инвестициялык келишим боюнча («Мудараба») депозит деген эмне экенин түшүндүрүп берет. Бул инвестордун каражаттарын ишенимдүү башкарууну билдирет. Келишим боюнча коммерциялык банк башкаруучу болуп саналат.
«Мудараба» инвестициялык келишими эки түрдүү болот: чектелген жана чексиз:
- чектелген «Мудараба» - бул, анын шарттары боюнча инвестор активдердин же долбоорлордун түрлөрүн, банк инвестордун акча каражаттарын инвестициялоого укуктуу болгон иш чөйрөсүн же тармактарын аныктаган келишим.
- чектелбеген «Мудараба» - бул «Мудараба» бүтүмү, анын шарттары боюнча банк аманатчынын акча каражаттарын өз каалоосу боюнча өз ишинин кайсы болбосун түрүндө пайдаланууга укуктуу.
«Мудараба» келишими боюнча депозиттин схемасы
- Инвестор акча каражаттарын банкка белгилүү бир убакытка берет
- Банк акча каражаттарын кабыл алат жана аларды инвестициялык саясатына ылайык колдонот
- Инвестор, эгерде бул келишимде каралган болсо, депозиттин негизги суммасынан акча каражаттарын жарым-жартылай толуктап же алып кое алат.
Банк инвестор тарабынан берилген сумманын кайтарылып берилишин кепилдөөгө укугу жок.
Эгерде банк инвестордун акчасын коммерциялык долбоорго салып, чыгымга учураса эмне болот?
«Мудараба» келишими – бул тобокелдиктерди банк да инвестор да моюнга алган келишим. Банк инветор тарабынан берилген сумманы кайтарып берүүгө кепилдик берүүгө укугу жок.
Бирок банк инвесторлордун акча каражаттарын башкарууга жооптуу.
Банк инвесторлор үчүн тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин иштеп чыгат.
Эгерде жоготуулар банктын мыйзамсыз аракетеринин/аракетсиздигинин, шалаакылыгынын же кыянатчылыгынын натыйжасында келип чыкса, анда жоготуулар банктын эсебинен жабылат.
Эске салсак, 2025-жылдын март айында III эл аралык «ПЛАС-Форум «Digital Kyrgyzstan - 2025» алкагында «Элдик Банк» ААКтын Ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов «Исламдык каржылоону салттуу банктарда өнүктүрүү» аталышындагы темада баяндама жасаган.
«Ислам банкингинин артыкчылыктарын көпкө санаса болот, анткени ал тез өнүгүп жаткан жана келечектүү сектор. Башка исламдык продуктыларды киргизүү боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Буга чейин белгилүү болгондордон тышкары «мурабаха», «мудараба» инвестициялык продуктыларды карап чыгып, КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерибизди кызыктуу тажрыйбага ээ болууга жана өздөрүнүн өнүгүүлөрү менен бөлүшүүгө чакырып жатабыз», - деп билдирген ал.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.