Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө эмгек мигранттарын ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу боюнча санариптик кызматтар ишке киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.
Кызматты алуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесине катталуу зарыл. Катталуу уюлдук телефондун номерин колдонбостон эле жүргүзүлөт.
Каттоодон өткөндөн кийин салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү «Түндүк» платформасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
«Буга чейин олуттуу административдик тоскоолдуктар бар болчу. Салык төлөөчүнүн Кабинетине кирүү үчүн жергиликтүү салык кызматына жеке өзү баруу талап кылынчу. Мындан тышкары, банк картасы аркылуу ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн алыстан төлөө мүмкүн эмес эле, ошондой эле уюлдук телефон номери жок «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик кол тамганы алууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Реформанын натыйжасында бул чектөөлөр жоюлду», - деп билдирди КРнын министрлер кабинети.
Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үч тарифи жеткиликтүү: 10%, 8% жана 2%.
Колдонуучу өзүнө ылайыктуу вариантты тандап, электрондук камсыздандыруу полисин тариздеп, аны Visa, Mastercard же «Элкарт» банк карталары аркылуу онлайн төлөй алат.
Жаңы кызмат эмгек мигранттарына кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзөт.
Бул кызмат МСК, КРнын Социалдык фондунун, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» ачык акционердик коомунун «Өкмөттүк акселераторлор» аттуу 100 күндүк программанын алкагындагы биргелешкен ишинин жыйынтыгында ишке киргизилди.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.