Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.36 / 98.36
Курс RUB 1.065 / 1.106
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.36 / 98.36
RUB RUB
1.065 / 1.106
KZT KZT
0.117 / 0.187

ПТБМ ишке ашырыла баштагандан бери ишкерлерге 2,3 миллиард сомдон ашык суммага 6466 кепилдик берилген

2022-жылдын башынан тартып жана ушул жылдын 17-декабрга карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» Долбоорунун №2 «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) компонентинин алкагында Кепилдик фонд ишкерлерге 2,3 млрд сомдон ашык суммага 6466 портфелдик кепилдиктерди берген.
ПТБМ ишке ашырыла баштагандан бери ишкерлерге 2,3 миллиард сомдон ашык суммага 6466 кепилдик берилген

Өнөктөш банктар ишкерлерге 5 млрд 164 мл сомдон ашык насыя беришти.

Дүйнөлүк банктын долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААК менен биргеликте ишке ашырылууда, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, бизнес өкүлдөрүнө портфелдик кепилдиктерди берет.

Бүгүнкү күндө ПТБМнын алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча сегиз келишимге кол койду. Макулдашуулар портфелдик кредиттик кепилдикти берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого багытталган. Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.

Фото: www

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.