Милиция кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча шектүүнү кармашты
2024-жылдын 22-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пункттунун кызматкерлерине карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, ушул жылдын 22-ноябрь күнү жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, USDT крипто валютасын сатып алам деген шылтоо менен, 42 миң АКШ долларын ээлеп алганын билдирген.
11:25, 19.12.2024