Курс USD 87.21 / 87.71
Курс EUR 100.22 / 101.22
Курс RUB 1.081 / 1.118
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.21 / 87.71
EUR EUR
100.22 / 101.22
RUB RUB
1.081 / 1.118
KZT KZT
0.117 / 0.187

ААК «ЭкоИсламикБанк» ислам банкына айланууда

КРнын Улуттук банкы тарабынан «ЭкоИсламикБанк» ЖАК ислам банкына өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу 2017-жылдын 22-июнундагы №040 лицензиясынын ордуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкөвалюталарында банктык операцияларды жүргүзүүукугуна №01-ИБ лицензия берилди.
ААК «ЭкоИсламикБанк» ислам банкына айланууда

Бул тууралуу Улуттук Банктын басма сөз кызматы билдирди. 

№01-ИБ лицензиясы Улуттук банк  тарабынан 2025-жылдын 3-июнунда «ЭкоИсламикБанкка» берилди. 

Мурда «ЭкоИсламикБанк» ЖАК КРнын  президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 жарлыгы менен ратификацияланган 2006-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана «Экобанк» ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоону колдонууга киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандумга ылайык ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында өз ишин жүзөгө ашырып келген (Кыргыз КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 41/1 токтому). 

Эске салсак, «ЭкоИсламикБанк» ЖАК Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө ПФИ кызматтарын сунуштаган биринчи банк болуп калды.


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.