АИС кызматтын толук циклын камтыйт: апостиль коюу үчүн арызды кабыл алуу, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын чын-төгүнүн текшерүү, электрондук «Апостиль» тамгасын түзүү, системага каттоо. Төлөмдөр «Е-Апостиль» АИСке туташтырылган онлайн-төлөм кызматтары аркылуу жүргүзүлөт.
«Электрондук апостиль» системасын киргизүү кызматты алууну кыйла ыңгайлуу кылат, иштин сапаты жогорулайт, адамдык фактордун таасири толугу менен четтетилет. Апостильди жеке келбестен жана кагаз документтерсиз алыстан алууга болот.
Кызматты бүгүндөн баштап каалаган түзмөктөн жана дүйнөнүн каалаган жеринен https://apostille.minjust.gov.kg дареги аркылуу пайдаланыңыз.
Апостиль коюу Гаага конвенциясына мүчө болгон бардык өлкөлөрдө жеткиликтүү.
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
- +996312626210 (191);
- +996312626210 (189);
- +996312626210 (136).
Фото: www

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.