Иш берүүчүлөр бош орундар тууралуу атайын порталга жарыялоого милдеттүү болушат
Эмгек министрлиги жумуш берүүчүлөрдүн бош орундар тууралуу маалыматты расмий порталга жайгаштыруу тартибин белгилеген токтом долбоорун даярдады.

Демилгечилердин айтымында, документтин максаты – бош орундарды жайгаштыруунун бирдиктүү эрежелерин түзүү, эмгек рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жарандардын учурдагы жумуш сунуштарына ыкчам жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдү жана мониторингди күчөтүү.
Долбоорго ылайык, иш берүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- zanyatost.kg порталында вакансиялар тууралуу маалыматты жайгаштыруу;
- өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен маалыматты жаңылоо;
- вакансия жөнүндө толук жана так маалымат берүү (кызматы, иштөө шарттары, талапкерге болгон талаптар ж.б.);
- маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо.
Токтомдо ошондой эле жалган маалымат үчүн жоопкерчилик жана портал менен өз ара аракеттенүү тартиби аныкталган. Документти кабыл алуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө:
- калкты иш менен камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бош орундардын бирдиктүү улуттук маалымат базасын түзүү;
- иш менен камсыз кылуу секторунда санариптик инфраструктураны чыңдоо;
- иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.
Ведомство бул демилге иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана санариптик трансформация чөйрөсүндөгү учурдагы мыйзамдарга жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келерин баса белгилейт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.