Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын негизги максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана жасалма акча каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө 10дон ашуун акча алмаштыруу жайы текшерилип, алардын кызматкерлерине жасалма акча каражаттары аныкталган учурда дароо Чүй ОИИББнын «102» кызматына билдирүү зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери уюлдук байланыш операторлорунун SIM-карталарын сатуучу жарандар менен жолугушуп, мыйзам талаптарын сактоо, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана алдамчылыкка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунун реестрине ылайык, өлкөдө 832 алмашуу бюросу иштөөдө. Алардын 140ы 2025-жылы катталган. Акыркы бир жыл ичинде Улуттук банк мыйзам бузуулар катталган учурда, алмашуу бюролорунан лицензияларды убактылуу алуу фактыларын дайыма билдирип келген.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда январь айынын башынан тарта, алмашуу бюролору боюнча жаңы жоболор күчүнө кирет. Финансылык жөнгө салуу органы алмашуу бюролорунан ар бир кардардын тобокелдигин баалоону жана 5 сааттын ичинде шектүү транзакциялар жөнүндө билдирүүнү талап кылган контролдук системасын киргизди.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.