«Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосу менен жыл жыйынтыгында өлкөнүн дыйкандары дээрлик 2,5 миллиард сом алышты
Өткөн жылы «Кепилдик фонд» ААКсы айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоо боюнча ишмердүүлүгүн артыкчылыктуу негизде уланткан.
2024-жылы айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 945 миллион сомдон ашып, бул тармакты өнүктүрүүгө 2 миллиард 481 миллион сомдон ашык суммада кредит алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жогорудагы көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн «Кепилдик фонд» ААКсы ата мекендик фермерлерге 2087 кепилдик берди – жалпы берилген кепидиктердин 70%.
Кепилдиктердин 30%ы өнөр жай, туризм, курулуш, туризм, соода, транспорт кызматтары чөйрөлөрүндө бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле ипотекалык кредиттерди берүүгө багытталган.
Фото: www
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.