Курс USD 86.55 / 87.05
Курс EUR 89.74 / 90.72
Курс RUB 0.825 / 0.874
Курс KZT 0.120 / 0.190
USD USD
86.55 / 87.05
EUR EUR
89.74 / 90.72
RUB RUB
0.825 / 0.874
KZT KZT
0.120 / 0.190

MBANКтын «Миллиондор оюну» акциясынын финалы. Миллионер ким болду?

ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK «Миллиондор оюну» акциясынын жыйынтыктоочу этабын ийгиликтүү өткөрдү.
MBANКтын «Миллиондор оюну» акциясынын финалы. Миллионер ким болду?

15-марттан 2-июнга чейин бардык кыргызстандыктар биздин оюнга катышып, 100 000 сом жана 1 миллион сом өлчөмүндөгү ири акчалай сыйлыктарды утуп алуу максатында «МБАНК» жана «МИЛЛИОН» сөздөрүн чогулткан. Ал эми бактылуу жеңүүчүлөр республиканын ар кайсы бурчунан келди: 37 катышуучу 100 000 сомдон, 7 катышуучу 1 миллион сомдон утуп алышты.

MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев «Миллиондор оюну» акциясына миллиондогон колдонуучулар катышканын айтып өттү. 

«Акция чындыгында абдан популярдуу болуп, ийгиликтүү өттү жана аны миллиондогон адамдар ойношту. Бизде транзакциялар чоң көрсөткүчтөргө жетти. Акцияга төлөмдөрдүн төрт түрү кирди – QR-код аркылуу төлөө, карта менен төлөө, тиркеме ичинде төлөө жана интернет аркылуу төлөө. Биз дал ушул фокусту накталай эмес төлөмдөргө жумшадык жана биз буга жетиштик. Бүгүн биз бул акцияны салтанаттуу белгилөө менен жыйынтыктап жатып, ар бириңиздерге активдүү катышууңуз, бизге болгон ишенимиңиз жана биздин Банкка болгон берилгендигиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Биз мындан ары да сиздерди кубантууну жана сиздер үчүн жаңы ыңгайлуу инструменттерди жаратууну убада кылабыз», – деп Марат Төралиев ар бир катышуучуга ыраазычылыгын билдирди.

Жыйынтыктоочу этаптын жеңүүчүлөрү:

  1. Аястан Ш. 100 000 сом;
  2. Диана А. 100 000 сом;
  3. Адилет С. 100 000 сом;
  4. Чыңгыз Т. 100 000 сом;
  5. Улугбек Ш. 100 000 сом;
  6. Сарварбек Х. 100 000 сом;
  7. Аманбек Н. 20 000 сом;
  8. Камила Х. 1 000 000 сом.

Акыркы миллионер Жалал-Абаддан чыкты. Камила жана анын үй-бүлөсү үчүн MBANKтын мындай белеги үчүн абдан ыраазы. MBANKтын амбассадору Ростислав Ященко телефон аркылуу салтанаттуу иш-чарага катыша албай калган Камиланы жеңиши менен куттуктады.

«Мен укмуштуудай кызыктуу оюндун жеңүүчүсү болгонума абдан кубанычтамын, эңсеген миллионду жеңдим. Мен учурда үч баламды тарбиялап үйдө отурам, эми кичинекей бизнесиме акча салып, аны инвестициялай алам. Ошондой эле азыр биздин үйдө чоң майрам – инимдин тою. Албетте акчамдын бир бөлүгүн тойго, жакшылыкка жумшайм», - деди Камила.

Калган триумфаторлор MBANKтын амбассадорлорунун колунан байгелерди алышты! Сыйлык тапшыруу аземин бактылуу жүздөр, күлкү жана кубаныч коштоду. 

Диана MBANKты көп жылдардан бери колдонуп келет. Жеңүүчү түшкөн каражатты шоппингге жана жеке бизнес-долбооруна жумшай турганын айтты. 

«Мен MBANК тиркемесин узак убакыттан бери колдонуп келем. Мен үчүн абдан ыйнгайлуу жана кандай акция жүрбөсүн сөзсүз ойной берем», - деди Диана эмоциялары менен бөлүшүп.

Чынгыз 100 000 сомдун ээси. Ошондой эле ал алгачкы кардарлардын катарын толуктайт, азыр бардык жерде электрондук капчыкты колдонот. Акыркы тамганы Чынгыз түшкү тамактанууга электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүдөн утуп алган. Ошентип, күнүмдүк чыгымдар ал үчүн киреше алып келген!

«Мен утуп алууларга ишенген эмес, төлөм жүргүзүүлөрдөн тамгалар бериле баштады. Тамгалар чыгып баштаганда максаттуу чогулта баштадым. MBANK тиркемесин көптөн бери колдонуп келем, керек болсо, дээрлик накталай акча алып жүрбөйм. Тиркеме абдан ыңгайлуу жана аны колдонууга баарына кеңеш берем», - деп бөлүштү жеңүүчү.

Белгилей кетсек, акциянын негизги максаттарынын бири накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу болгон. «Миллиондор оюну» акциясынын жыйынтыгы менен заманбап төлөм ыкмаларын колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Албетте финансылык операциялардын ачыктыгын жана коопсуздугун жогорулатууга жардам берди. Бул өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип, анын өсүшүнө жана чыңдалышына шарт түздү.

MBANKтын «Миллиондор оюну» акциясы аяктады жана кардарларга дагы да болсо жаңы кызыктуу утуштарды, акцияларды уюштурууну убада кылат. Банк өз кардарларынын жашоо сапатын жакшыртууга жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган инновациялык финансылык чечимдерди алга жылдырууну улантат. 

MBANK – биринчи санарип!

КР УБнын лицензиясы 014

 

1165
2024-07-12T09:50:50+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.