Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Токтом долбоору КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-июлунда кол койгон.
Өзүнө-өзү тыюу салуу – бул жарандын өзүнүн атына бере турган ар кандай кредиттерге расмий түрдө тыюу салуусу. Бул функция активдүү болгондо, бардык каржы-кредиттик уюмдар насыя берүүдөн баш тартууга милдеттүү.
«Мыйзам долбоорунун максаты – жарандардын каржылык коопсуздук механизмин бекемдөө жана кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү. Айрыкча, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонуу аркылуу алардын макулдугу жок кредит алууга аракеттенген алдамчылык фактылардын алдын алууга көңүл буруу», – деп жазылат маалыматта.
Мыйзам КРнын мыйзам актыларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:
КРнын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына:
- Каржы-кредиттик уюмдар милдеттүү түрдө иштеп жаткан кредиттик бюролордон өзүнө-өзү тыюунун бар же жок экендиги тууралуу маалымат сурайт, эгерде өз алдынча тыюу бар болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартат;
- өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө тыюу салууну алып салуу кредиттик маалымат субъекти - жеке жак тарабынан КРнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу акысыз жана өз алдынча жүзөгө ашырылат деген жобо менен толукталат. Өз алдынча тыюу жөнүндө маалымат жарандын тандоосу боюнча белгилүү бир кредиттик бюрого жөнөтүлөт.
КРнын «Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамына:
банктык кызмат көрсөткөн тараптар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кардар тарабынан өзүнө-өзү тыюу салганы-салбаганы тууралуу маалыматты иштеп жаткан кредиттик бюролордон суроо;
- эгерде кардар өз алдынча тыюу койгон болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартуу;
- жогорудагы талаптар сакталбай түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз деп эсептелет.
Документте Улуттук банктын ЧУАна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кредиттик уюмдардын кардарлардын өзүнө-өзү тыюу салуу статусу боюнча маалымат сурап туруусун талап кылуу каралган.
Токтом долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Толук маалыматты шилтеме аркылуу бул документтен таанышууга болот.
Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 19-сентябрынан кечиктирбестен [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.