Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага КРнын финансы министри Алмаз Бакетаев жана «Виртуалдык Активдердин Эмитенти» ААКы Башкармалыгынын төрагасы Бийболот Мамытов катышты.
Аземдин жүрүшүндө катышуучулар «Эмиссияны ишке киргизүү» баскычын басып, Tron түйүнүндө 50 млн даана USDKG токенинин чыгарылышын жана жүгүртүүгө берилгенин расмий түрдө жарыялашты. Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, физикалык алтын менен толук камсыздалган.
USDKG — бул Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдоого алынган, алтын менен камсыздалган стейблкоин. Ачык, коопсуз жана туруктуу санарип валютасы катары иштелип чыккан USDKG алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологияларынын натыйжалуулугун айкалыштырат.
Бул долбоордун ишке кириши Кыргызстанга глобалдык финансы экосистемасындагы позициясын чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле ал блокчейн чечимдери аркылуу мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган борбордон ажыратылган сервистердин Web3-экосистемасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз түзөт.
Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү аркылуу демилге каржылык инновацияларга болгон ишенимди бекемдейт жана санариптик инструменттер материалдык камсыздоого ээ болуп, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кыла аларын көрсөтөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.