Курс USD 88.63 / 89.49
Курс EUR 94.64 / 95.62
Курс RUB 0.940 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.63 / 89.49
EUR EUR
94.64 / 95.62
RUB RUB
0.940 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK’тан «Миллиондор оюну» акциясынын биринчи жеңүүчүлөрү аныкталды

2024-жылдын 5-апрелинде ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK башкы филиалында «Миллиондор оюну» акциясынын биринчи жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземин өткөрдү.
MBANK’тан «Миллиондор оюну» акциясынын биринчи жеңүүчүлөрү аныкталды

Акциянын алкагында жеңүүчүлөр биринчилерден болуп «МБАНК» сөзүн чогултуп 100 000 сом утуп алышты.

Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү:

  • Ра***анов Байсалбек
  • Ка***ов Нурдин
  • Т***в Сергей
  • А***ва Назира
  • Т***ов Алексей
  • Са***в Улукбек

Акциянын жеңүүчүлөрүнүн бири Байсалбек Ра***анов өз таасири менен бөлүшөт: 


«Мен таксист болуп иштейм, жеңүүчү болуу мен үчүн абдан жагымдуу жана күтүлбөгөн жерден жеңүүчү болдум. Башында ишенген жокмун, азыр 100 000 сомду кантип иштетем деп ойлонуп жатам. Мен абдан кубанычтамын, мындай акция үчүн рахмат, эми бул акция жөнүндө баарына айтып берем».

Сыйлык тапшыруу аземине банктын кызматкерлери жана амбассадорлору – Самат Эркинбеков жана Канат Шабданбек уулу катышты. 

Иш-чарада MBANK’тын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Улан Джанболотов жеңүүчүлөрдү куттуктап, акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, аларды акцияга катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. 


«Сиздерди «Миллиондор оюну» акциябыздагы жеңишиңиз менен куттуктайм. Биздин банкты тандап, активдүү катышканыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул иш-чара сиз үчүн атайын уюштурулган жана сиздердин катышууңуз менен өзгөчө кызыктуу өткөрүлдү. Бул жеңиш жашооңуздагы жаңы жана кызыктуу нерсенин башталышы болсун. Ишенимиңиз жана биздин банкты тандооңуз үчүн рахмат».

Эскертебиз, акциянын жеңүүчүлөрү «МБАНК» жана «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү биринчилерден болуп чогулткан кардарлар болот.

Сатып алууларды MBANK тиркемеси аркылуу, ошондой эле MBANK карталары жана QR аркылуу төлөгөн бардык MBANK кардарлары автоматтык түрдө акциянын катышуучулары болуп калышат.

Акцияга катышуу үчүн: 

  • MBANK’ты эң акыркы версияга жаңыртыңыз жана push эскертмелерин иштетиңиз.
  • 200 сомдон же андан жогору төлөмдөрдү жасаңыз.
  • Тамгаларды чогутуңуз.

Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 15-мартынан 2-июнга чейин. Акциянын эрежелери жана шарттары тууралуу кененирээк https://mbank.kg/million  сайтынан биле аласыз.

Акцияга катышып, миллионер болуңуз!

MBANK — Биринчи санарип!

601
2024-04-05T19:37:41+06:00