Курс USD 85.24 / 85.71
Курс EUR 91.96 / 92.93
Курс RUB 0.871 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.24 / 85.71
EUR EUR
91.96 / 92.93
RUB RUB
0.871 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

MBusiness жана MKassa’дан ишкерлер үчүн «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

2024-жылдын 17-октябрында ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын биринчи жеңүүчүлөрүн сыйлады!
MBusiness жана MKassa’дан ишкерлер үчүн «Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал» акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

Бул чоң акциянын алкагында MBusiness жана MKassa менен биргеликте иштеген ишкерлер жаңы муундагы үч автоунаа жана миңдеген башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Акция кандай жүрүп жатат?

2024-жылдын 7-октябрынан 2024-жылдын 22-декабрына чейин өлкөнүн ишкерлери MBusiness жана MKassa төлөм куралдарынын QR-коддору аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү активдүү кабыл алып, байгелерге ээ болуп жатышат.

Негизги байгелердин катарында үч IX муундагы Toyota Camry автоунаасы, фирмалык мерчтер, AirPods Pro 2, iPhone 16 жана MacBook Air M2 бар.

Биринчи сыйлык тапшыруу аземинде гаджеттердин жана фирмалык товарлардын ээлери болгон бактылуу жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн арасында QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган кичи жана орто бизнестин ээлери, ар кайсы тармактагы ишкерлер бар. Кээ бирөөлөр жеке дүкөнгө ээ, кимдир бирөө тейлөө тармагында иштешет, биринин тигүү цехи, ал эми башкасынын жеке кофеканасы бар, бирок алардын бардыгын заманбап төлөм куралдарын активдүү колдонуу бириктирет.

Биринчи этаптын бактылуу жеңүүчүлөрү:

  • ИП Н***а А*** Д***а- AirPods Pro 2;
  • ИП М***о Л***а С***а- Iphone 16;
  • ИП Б***в Н***к Б***ч- AirPods Pro 2;
  • ИП Т***в М***с Ш***ч- MacBook Air M2;
  • ИП Ч***в Ж***к Р**ч- AirPods Pro 2.

Ошондой эле, 100дөн ашык жеңүүчүлөр фирмалык белектерди алышты (Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде)

«Акциянын жеңүүчүсү болгонумду билгенде мен абдан таң калдым! Чынын айтсам, мен муну күткөн эмесмин, анткени мен адаттагыдай эле QR-код менен төлөмдөрдү кабыл алып жаткам. Мен катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Бул мага өнүгүүнү улантууга жана заманбап технологияларды мындан ары да колдонууга шыктандырат. Башка ишкерлер да өз күчүн сынап, ушул сыяктуу акциялардын катышуучусу болушат деп ишенем», - деген пикири менен бөлүштү акциянын жеңүүчүсү Эмир С *** .

"QR төлөмдөрдү кабыл ал" акциясы 2024-жылдын 22-декабрына чейин уланарын унутпаңыз! Ар бир жаңы QR-код транзакциясы сиздин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатат. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана кийинки негизги байгенин ээси болуу мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбаңыз!

«Акциянын биринчи жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз! Бул демилге Кыргызстанда ишкерлерди колдоо жана накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу максатында иштелип чыккан. Акциянын жеңүүчүлөрү ар бир ийгиликтүү транзакциянын маанилүү экендигинин далили. Биз өзүбүздүн кардарларыбызга бизнес-процесстерин өркүндөтүү гана эмес, баалуу сыйлыктардын ээлери болуу мүмкүнчүлүгүн бере алганыбыз менен сыймыктанабыз. Мындай демилге дагы көп ишкерлерди акцияга катышууга, MBusiness жана MKassa төлөм куралдарын колдонуп жана пайдаланууга шыктандырат деп ишенебиз”, - деди Корпоративдик бизнести өнүктүрүү боюнча директор Александр Чернощекин.

Кантип катышуу керек?

Катышуу опоңой - MBusiness жана MKassa’нын QR коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана ар бир ийгиликтүү транзакция сизди жеңишке жакындатат!

Сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 5000-операциясы фирмалык товардын топтомун алып келет
  • Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 50 000- операциясы AirPods Pro 2 болмокчу.
  • Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 100 000- операциясы iPhone 16 болуп саналат
  • Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 300 000- операциясы MacBook Air M2 жеңип алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Катар номуру 10 000ге бөлүнүүчү транзакцияларды жасаган катышуучулар баш байгеге – Toyota Camry 80 автоунаасына ээ болушат. Бул катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөр ар бир акциянын өтүү мезгили үчүн QR коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуунун эң көп жүгүртүүсү боюнча аныкталат.

MBusiness жана MKassa - бул бизнес жүргүзүү үчүн ишенимдүү жана заманбап куралдар. QR кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана төлөмдөрдүн ыңгайлуулугунан ырахаталыңыз, ошондой эле баалуу сыйлыктардын ээси болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

Акция тууралуу кенен маалымат  

Унаа жана башка сонун гаджеттерди утуп алуу эч качан мынчалык жеңил болгон эмес.

Катышууга шашылыңыз!

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы

49
2024-10-17T18:33:09+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.