Курс USD 84.21 / 84.70
Курс EUR 93.10 / 94.07
Курс RUB 0.910 / 0.939
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.21 / 84.70
EUR EUR
93.10 / 94.07
RUB RUB
0.910 / 0.939
KZT KZT
0.121 / 0.191

«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстандын экономикасынын өндүрүш тармагын колдоонун натыйжалуу инструменти катары

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 150 өнөр жай ишканасы жана 100 социалдык объект ишке киргизилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн алдына ушундай зор пландарды коюп жатат.
«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстандын экономикасынын өндүрүш тармагын колдоонун натыйжалуу инструменти катары

Жогоруда аталган 150 ишкананын ичинен 2023-жылдан 2024-жылдын августуна чейинки мезгилде Кепилдик фонд 12 ири долбоорго 751 миллион сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөттү, анын аркасында ишкердик субъекттер 2023-2024-ж. 3 миллиард 802 миллион сомдон ашык кредиттик каражатарга ээ болушту. Бул көрсөтүлгөн мезгил ичинде 267 жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана 1109 жумуш орундарын колдоого мүмкүндүк берди.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата дагы 39 өнөр жай ишканасынын ачылышы күтүлүүдө. 2024-жылдын башынан бери реалдуу жана социалдык тармактарда 44 ишкана ачылган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын бизнес сектору улуттук экономиканы өнүктүрүүдө негизги позицияларды ээлеп, туруктуу күч алууда. Өз кезегинде Кепилдик фонд ата мекендик ишкерлерге кепилдиктерди берүү аркылуу алардын натыйжалуу өнүгүүсүнө жигердүү колдоо көрсөтөт, ошону менен алардын бизнести каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Кепилдик фонд ишмердүүлүгүн баштагандан бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн ишкерлерине 10 миллиард 290 миллион сомдон ашык суммага 10 435 кепилдик берди, бул 32 миллиард 45 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылды.

«Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн сегиз жылдык ишмердүүлүгүндө берилген кепилдиктердин, кредиттердин жана кепилдик алуучулардын кирешелеринин көлөмү боюнча маалыматтарды талдоо жүргүзүп, 2017-2023-жылдардын ичинде ИДПнын өлчөмүнөн кепилдик алуучулардын кирешелеринин үлүшүн жана ишканалардын кирешелеринин көлөмүн эсептеп чыккан..

Талдоо көрсөткөндөй, Кепилдик фондунун кардарларынан түшкөн кирешенин өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 2017-жылдан 2023-жылга чейин 15 эсеге, ал эми кирешеси дээрлик 37 эсеге өскөн.

Төмөндө ИДПнын өлчөмүнөн кепилдик алуучулардын кирешелеринин үлүшүнүн динамикасынын жана Кыргыз Республикасынын ишканаларынын кирешелеринин көлөмүнүн графиги келтирилген.

Графиктин маалыматтары 2017-жылы ИДПдан кепилдик алуучулардын кирешесинин үлүшү 0,4% түзгөнүн көрсөтүп турат, ал жыл сайын өсүү менен 2023-жылы 6%га жеткен жана ошону менен 15 эсеге өскөн.

Салыштыруу көрсөткөндөй, өлкөнүн ишканаларынын кирешесинен кепилдик алуучулардын кирешесинин үлүшү көрсөтүлгөн мезгил ичинде жалпысынан 13,3 эсеге – 0,3%дан 4%ке чейин өскөн.

Анализдин натыйжалары көрсөткүчтөрдүн жана «Кепилдик фонд» ААКсынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымынын жогору өсүшүн көрсөтүп турат. Алсак, 2017-жылдан 2023-жылга чейин «Кепилдик фонд» ААКсынын кызматын колдонуучулардын кирешеси дээрлик 36,7 эсеге өскөн.

Жыйынтыктап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдеги кепилдиктердин суммаларынын жана кредиттердин көлөмүнүн өсүү динамикасынын көрсөткүчтөрү менен катар ИДПдан кепилдик алуучулардын кирешелеринин үлүшүнүн жана буткул өлкөнун ишканаларынын да кирешелердин көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн өсүүшүн белгилеп кетсек болот. Бул өлкөнүн ишкердик субъектердин Кепилдик фондуна болгон кызыгуусу жана ишеними жогорулагандыгын, ошондой эле кепилдик продуктыларынын жана кызматтарынын линиясынын актуалдуулугун көрсөтүп турат, кененирээк таанышууга www.gf.kg сайтында мүмкүн. 

115
2024-08-29T18:09:27+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.