Чет өлкөлүк интернет-платформа Кыргызстандын бюджетине дээрлик 3 млн доллар төктү

Башкы прокуратура «Т.» эл аралык сатып алууларды жүргүзүү интернет-платформасы өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөндүгүн аныктады.

Чет өлкөлүк интернет-платформа Кыргызстандын бюджетине дээрлик 3 млн доллар төктү
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын катышуусу менен мыйзам бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлдү.  

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган компания Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өткөрүлүп, жыйынтыгында ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 млн 885 миң АКШ доллары (251 млн сом) өлчөмүндө салык төлөмдөрү түшүрүлдү.

Башкы прокуратура мындай чаралар салык мыйзамдарынын сакталышын камсыздоого, эл аралык компаниялардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын бюджетинин кирешесин көбөйтүүгө багытталганын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин бөгөт коюу коркунучунан кийин Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүп жаткан Кытайдын Temu маркетплейси МСКга салык төлөй баштаганы маалым болгон.