Курс USD 87.14 / 87.62
Курс EUR 101.43 / 102.43
Курс RUB 1.087 / 1.113
Курс KZT 0.141 / 0.173
USD USD
87.14 / 87.62
EUR EUR
101.43 / 102.43
RUB RUB
1.087 / 1.113
KZT KZT
0.141 / 0.173

Орусияда алдамчылардын көзүнө – улгайгандар, балдар жана криптовалютанын ээлери илинет

Улгайган жарандар адатта ишенчээк болушат, алардын техникалык жактан жакшы түшүнүгү жок болгондуктан топтогон акчаларын алдамчыларга оңой-олтоң эле алдатып коюшат. Жаш өспүрүмдөр да өз аракеттеринин кесепетин түшүнбөгөндөн улам бат алданышат. Криптовалютанын баасынын жогорулугу, транзакциялардын анонимдүү болушу жана коопсуздук боюнча жетишсиз маалыматка ээ болгондуктан, алар да бат алданып калышат.
Орусияда алдамчылардын көзүнө – улгайгандар, балдар жана криптовалютанын ээлери илинет

Мындай пикир менен ПЭЭФ-2025 иш-чарасынын алкагында РИА Новости басылмасына  «Лаборатория Касперский» компаниясынын керектөөчүлөр бизнес бөлүмүнүн директору Михаил Гербер билдирди.

«Улгайган адамдардан тышкары, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган дагы бир топ – бул телефон колдонгон, интернетке эрте курактан эле кире баштаган жаш балдар. Бул курак жылдан жылга кичирейип баратат», – деп билдирген Михаил Гербер.

Ал балдарга багытталган коркунучтардын көбөйгөнүн белгиледи. 2025-жылы Орусияда Android түзмөктөрүнө болгон чабуулдар 60%га көбөйгөн. Алдамчылар зыяндуу программаларды балдардын популярдуу оюндарын туурап жайылтышууда. Балдардын кызыгуусунан пайдаланып, алар түзмөктү вирус аркылуу жугузушат.

Гербердин айтымында, мындай схемалар үйдөгү Wi-Fi туташкан башка түзмөктөргө да жукканга шарт түзөт.

«Криптовалюта ээси болгон жарандарга карата коркунучтар дагы өсүүдө. Алдамчылар түзмөктөн криптокапчыктарды издеп же сүрөттөрдү карап чыгып, капчыктарга кирүү ачкычтарын тапканга аракет кылышат», – деп түшүндүргөн адис.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.