«Бул убакытты жана акчаны үнөмдөөгө гана эмес, ошондой эле төлөм процессинин ыңгайлуулугун, ылдамдыгын жана оңойлугун камсыздайт жана эң негизгиси Мамлекеттик агенттиктин филиалдарына баруу зарылдыгынан бошотот», - дейт жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев.
МBАNК’та мамлекеттик кызматтарды комиссиясыз төлөңүз
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо;
- Кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды берүү;
- Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү;
- Жер иштерин каттоо жана жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди берүү жана башка мамлекеттик кызматтар.
МBАNК’та кызматтар үчүн кантип төлөө керек?
- MBANK’ты ачыңыз жана «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз;
- «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүн тандап - «Кадастр» тандаңыз.
Же жөн гана «Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» филиалдарынан компаниянын QR-кодун сканерлеңиз!
Сиз ошондой эле 100дөн ашык башка мамлекеттик кызматтарды МBАNК тиркемеси аркылуу төлөй аласыз.
MBANK тиркемесин орнотуп, мамлекеттик кызматтар үчүн төлөөнүн оңойлугуна жана ыңгайлуулугуна ээ болуңуз!