Курс USD 87.23 / 87.71
Курс EUR 99.63 / 100.63
Курс RUB 1.101 / 1.129
Курс KZT 0.116 / 0.186
USD USD
87.23 / 87.71
EUR EUR
99.63 / 100.63
RUB RUB
1.101 / 1.129
KZT KZT
0.116 / 0.186

Кыргызстанда 13-июндан тарта поезддин жол киреси накталай эмес төлөгөндөргө арзандайт

13-июндан тарта республика боюнча жүргүнчү поезддеринде жол акысы накталай же накталай эмес төлөмдүн түрүнө жараша белгиленген туруктуу тарифтер менен жүргүзүлөт.
Кыргызстанда 13-июндан тарта поезддин жол киреси накталай эмес төлөгөндөргө арзандайт

«Кыргыз темир жолунан» билдиришкендей, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаңы буйрук чыгарды. 

Анда 13-июндан тартып ички каттамдардагы жүргүнчү поезддерине төмөнкүдөй туруктуу тарифтер киргизилет. 

Негизги өзгөрүүлөр:

Жүргүнчүнүн поездге кайсы бекеттен отуруп, кайсы бекеттен түшөөрүнө карабастан, жол акысына туруктуу тариф киргизилди.

Накталай же накталай эмес төлөмгө жараша туруктуу тариф киргизилди.

Накталай эмес төлөм үчүн - стандарттык вагондордо Бишкектен Токмоктун, Кайыңдынын акыркы станцияларына чейинки жол кире наркынын төмөндөшүн эске алуу менен.

Бишкектен Балыкчы, Балыкчы-Пляж акыркы бекеттерине чейин стандарттык вагондордо жана жогорулатылган ыңгайлуулуктагы вагондордо накталай эмес төлөөдө учурдагы тариф сакталат. 

Жаңы тарифтердин мисалдары:

Кайыңды же Сокулук → Бишкек-2 

  • накталай эмес төлөм: 40 сом 
  • накталай төлөм: 60 сом 

(Мурда: жол акысы 20 сомдон 56 сомго чейин бекетке жараша)

Бишкек → Кант же Токмок

  • накталай эмес төлөм: 40 сом
  • накталай төлөмдө 60 сом 

(Буга чейин: жол акы Кант бекетинен 20 сом, Токмок бекетине 56 сом болгон).

Билеттерди кайдан алса болот: 

  • Онлайн: ticket.railway.kg
  • Мобилдик тиркеме: railway.kg
  • Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан

Поездде жол жүрүп бараткан учурда КРнын жана бардык эл аралык төлөм системаларынын накталай жана накталай эмес төлөмдөрүнүн бардык ыкмалары менен сатып алса болот.

Сурап билүү үчүн байланыш номерлери:

  • WhatsApp/Telegram: +996 705 076 696 
  • Стационардык телефон: +996 312 300 209.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.