Курс USD 87.29 / 87.78
Курс EUR 99.34 / 100.34
Курс RUB 1.094 / 1.128
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.29 / 87.78
EUR EUR
99.34 / 100.34
RUB RUB
1.094 / 1.128
KZT KZT
0.117 / 0.188

Бишкек — Балыкчы поезд багыты: төлөм онлайн жана накталай жеткиликтүү

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашкандай, 6-июндан тарта поезд жүргүнчүлөрдү Балыкчы шаарынын көл жээгине чейин алып бара баштайт.
Бишкек — Балыкчы поезд багыты: төлөм онлайн жана накталай жеткиликтүү

Кыймылдын жүрүү графиги: 6-июндан 6-июлга чейин — жума, ишемби жана жекшемби кундөрү, 7-июлдан 31-августка чейин — күн сайын. Кетүү багыты: Бишкек-2 бекетинен саат 07:45те. Келүү: саат 12:16да «Балыкчы шаарынын кол жээги» аялдамасында.

Шарттары:

Поезд алты люкс вагондон турат, алардын ар бири төмөнкүлөр менен жабдылган:

  • Панорамалык терезелер;
  • Кондиционер системасы;
  • Жумшак отургучтар жана дивандар;
  • мультимедиа-системасы;
  • акысыз Wi-Fi;
  • телефонду кубаттоо үчүн шарттар;
  • суусундук жана жеңил азыктары бар буфет.

Билеттердин баасы:

Жөнөкөй вагон:

  • 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн - 73 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 150 сом.

Люкс вагону:

  • 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн - 250 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 500 сом.

VIP вагону:

  • 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн - 400 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 800 сом.

VIP-купе вагону:

  • Баасы - 6000 сом бир купе үчүн.
    Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет жана 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.

Каяктан жана кантип төлөсө болот:

  • Онлайн: https://ticket.railway.kg/ вебсайты 
  • railway.kg мобилдик тиркемелери
  • Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан 

Бош орундуктар бар болсо:

  • бардык төлөм системалары аркылуу
  • накталай төлөм менен
  • банк карталары аркылуу

Байланыш үчүн номерлер: +996  (312) 30 02 09, +996 (700) 07 66 96 — WhatsApp жана Telegram. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.