Кепилдик фонд менен Монголиянын кредиттик кепилдик фонд потенциалдуу кызматташууну талкуулашты

Бүгүн Кепилдик фонддун кеңсесинде Монголиянын кредиттик кепилдик фондунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Кепилдик фонд менен Монголиянын кредиттик кепилдик фонд потенциалдуу кызматташууну талкуулашты
Фото: ГФ

Тараптар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн, уюштуруу структураларын тааныштырып, Кыргызстан менен Монголияда кепилдик инструменттерин иштеп чыгуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Талкуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлерин колдоо жаатында кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эл аралык факторинг боюнча потенциалдуу өнөктөштүк, ошондой эле региондо ишкердикти колдоо жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү үчүн аянтча боло ала турган регионалдык кепилдик фондун түзүү демилгеси талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган эки өлкөнүн экспортко багытталган ишканаларына колдоо көрсөтүүнү макулдашты.

Кепилдик фондунун башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жемиштүү жана конструктивдүү диалог үчүн делегацияга ыраазычылык билдирип, эки финансылык институтуттардын уюштуруу түзүмдөрдүн окшоштугун, болжолдуу бирдей көрсөткүчтөрдү, артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана айыл чарбасы менен алектенген ишкерлерди колдоону канааттануу менен белгиледи.

Монголиянын кредиттик кепилдик фондунун аткаруучу директору Цогцайхан Сарантуяа өз кезегинде Кепилдик фондунун тажрыйбасына чындап кызыкканын билдирип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кепилдик фондду Монголияга иш сапары менен барууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана мындан аркы кызматташуу бизнести колдоонун жаңы инструменттерин киргизүүгө мүмкүндүк берип, улуттук экономикалардын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдиришти.

Эскерте кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух 20-23-июль күндөрү Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болгон. Сапардын жүрүшүндө эки мамлекет башчылары кыргыз-монгол кызматташтыгын арттырууга багытталган, анын ичинде саясат, соода-экономика, транспорт жана айыл чарба тармагындагы бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.