Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Золотая Коронанын» санкцияга кабылышы: Кыргызстандын кайсы банктарынан акча которууларды алууга мүмкүн

Бир апта мурун Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 21-топтомун жактырган. Активдери тоңдурулууга тийиш болгон уюмдардын тизмесине «Золотой Корона» системасынын оператору жана эсептешүү борбору «РНКО Платёжный центр» киргизилген. Banks.kg порталы бул системанын республикадагы учурдагы иштөө абалын тактады.

«Золотая Коронанын» санкцияга кабылышы: Кыргызстандын кайсы банктарынан акча которууларды алууга мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт

Биз Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарынын кайсынында «Золотая Корона» иштеп жатканын тактадык:

  • «Азия Банк» ЖАКсы;
  • «ЭкоИсламикБанк» ЖАК.

Эки банк тең рубль менен гана иштейт. 

«Компаньон Банк» ЖАКсында мобилдик тиркеме аркылуу акча которуу убактылуу жеткиликсиз. Орусиядан жөнөтүлгөн акча которууларды сом менен алууга болот.

«Дос-Кредобанк» ААКсында «Золотой Корона» аркылуу Россия Федерациясына акча которууларды жөнөтүү мүмкүн эмес. Орусиядан келген которууларды Банктын бөлүмдөрүнөн орус рубли менен алууга болот.

Ошондой эле каражаттарды жөнөтүү жана алуу ыкмалары боюнча маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы банктардын байланыш борборлоруна кайрылууну сунуштайбыз.

Мындан тышкары, Banks.kg порталынын суроосуна жооп катары КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдөөчү функцияларынын алкагында «Золотая Корона» (РНКО «Платёжный центр») төлөм системасынын карата эл аралык санкция киргизилгенден кийинки кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп жатат.

«Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте санкцияларга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу жана төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Финансылык жөнгө салуучу орган жарандарга каражат жөнөтүүдөн же алуудан мурун өздөрүнүн банктары аркылуу системанын учурдагы иштөө абалын тактап алууну сунуштайт», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Ички рынокто жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында альтернативдүү каналдар, анын ичинде акча которуунун башка эл аралык системалары колдонулууда жана активдүү өнүктүрүлүүдө. Иштеп жаткан акча которуу системаларынын тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында www.nbkr.kg шилтемеси боюнча жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын каржы системасы жетиштүү деңгээлде диверсификацияланган жана Улуттук банк өлкөнүн төлөм системасынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатканы кошумчаланды.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.